Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:23

Ошто чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк үч жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген шек менен коңшу өлкөнүн үч жараны кармалганын билдирди. Облустук милициянын маалыматында чет өлкөнүн жарандары чек араны бузуп кирип, Кара-Суу районундагы айылдардын биринде жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон

Тергөөдө кылмышка шектүү катары коңшу өлкөлөрдүн биринин 26 жаштагы (Ш.Б.) жараны кармалып, соттун чечими менен камакка алынган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө ушул эле берене боюнча дагы эки кылмыш иши козголуп, коңшу өлкөнүн дагы эки жараны кармалган.

Чет өлкөлүктөрдү чек арадан мыйзамсыз алып өтүүнү уюштурган адам аныкталып, ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин “Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы кармалгандар кайсыл өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG