24-августта Бишкекте «Ырыс-Ордо» мамлекеттик конгресс борбору ачылды. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, учурдагы жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, эл аралык миссиялардын өкүлдөрү, журналисттер катышты.
Расмий маалыматка ылайык, борбордун жалпы аянты 39 миң чарчы метрден ашат жана бир учурда эки миңден ашуун кишини кабыл алат. Комплексте 1238 орундуу «Курултай» конференц-залы, 1000 орундуу банкеттик зал, 235 орундуу пресс-зал жана расмий делегациялар үчүн сегиз конок үйү бар.
Жапаров бул жерде Элдик курултайдын жыйындарын, мамлекет башчыларынын жолугушууларын, эл аралык форумдарды, анын ичинде ШКУ, ЖККУ, ЕАЭБ жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммиттерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты. «Ырыс-Ордо» толугу менен мамлекеттик каражатка курулган.
Ачылыш аземине келгендердин арасында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев да жүрдү. Экөө тең «75чилердин каты» деп аталган кылмыш ишинин фигуранттары.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл менен алар абакка камалган эмес. Өкүм боюнча апелляциялык арыз берилген.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев салтанаттуу аземде көрүнгөн жок.
Президент Жапаров аземде саясий көз караштарга карабай өлкө үчүн маанилүү маселелерде биримдикти сактоого чакырды.
Шерине