Украинанын өнөктөштөрүнөн түзүлгөн "каалоочулар коалициясынын" лидерлери 24-августта Киевде жыйын өткөрүп, мындан аркы кадамдарын макулдашты. Украинанын эгемендигинин 35 жылдыгына карата уюштурулган жыйынга айрымдары өздөрү катышса, калгандары видео байланыш аркылуу кошулушту.
Жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө «Орусиянын Украинанын жайкын тургундарына жана жарандык инфраструктурасына каршы соккулары системалуу түрдө жасалып, барган сайын күчөп баратканы» белгиленди.
Ошондой эле Киевге берилүүчү аскердик жардам көбөйтүлөрү, биринчи кезекте аба чабуулдарынан коргонуу системаларын чыңдоо, Украинанын коргонуу өнөр жайын бекемдөө жана тиешелүү технологиялар менен бөлүшүү убада кылынды. Мындан тышкары, Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине каршы санкцияларды күчөтүү ниети билдирилди.
Улуу Британиянын премьер-министри Энди Бернем союздаштарды Украинаны Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн колдон келишинче жардам берүүгө чакырды.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын «көмүскө флотуна» көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согушту 2022-жылдын февралында баштаган. Ошондон бери Киев өнөктөштөрүнүн жардамы менен каршылык көрсөтүп, соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагына жасалган соккуларды күчөтүүдө.
Шерине