Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Жыл башынан бери азык-түлүктүн баасы 6,3% кымбаттады

"Ош базары".
"Ош базары".

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырып, чечим 25-августта күчүнө кирди. Өлкөнүн негизги банкы дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу, Жакынкы Чыгышта абалдын курчушу Кыргызстандагы инфляциялык процесстерге таасирин тийгизүүнү улантып жатканын билдирди.

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда керектөө баалары 7,3% өсүп, жылдык инфляция 11,7% түздү. Азык-түлүк 6,3%, ал эми башка товарлар 5,8% кымбаттаса, кызмат көрсөтүү 11,1% чейин өскөн.

Улуттук банк дүйнөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасынын жогорулашы өлкө ичиндеги транспорттук жана өндүрүш чыгымдарга таасир этип, азык-түлүктүн кымбатташына алып келгенин кошумчалады.

2026-жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 1 триллион 172,7 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 11,1% болду.

Эсептик чен - инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.

Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG