Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Эмомали Рахмон уулуна эң жогорку мамлекеттик сыйлыктардын дагы бирин тапшырды

Эмомали Рахмон жана уулу Рустам Эмомали. 2026-жылдын 28-августу.
Эмомали Рахмон жана уулу Рустам Эмомали. 2026-жылдын 28-августу.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон уулу, парламенттин Жогорку палатасынын төрагасы жана борбор калаа Душанбенин мэри Рустам Эмомалиге Исмоили Сомони атындагы I даражадагы мамлекеттик сыйлыкты тапшырды. Эң жогорку даражадагы деп эсептелген сыйлыкты тапшыруу аземи 28-августта өтүп, Тажикстандын мамлекеттик эгемендигинин 35 жылдыгына арналды.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Рустам Эмомали бул сыйлыкка «эмгектеги жогорку жетишкендиктери жана Тажикстандын өнүгүшүнө, гүлдөп-өсүшүнө кошкон салымы үчүн» татыды.

Аны менен катар өлкөнүн ар кандай тармактарында иштеген адамдарга мамлекеттик сыйлыктар, наамдар жана ардак белгилер тапшырылды.

2018-жылы Эмомали Рахмон уулун «Зарринтож» («Алтын таажы») II даражадагы ордени менен сыйлаган.

Рустам Эмомали атасынын мураскери катары каралат. Эмомали Рахмондун жети кызы жана эки уулу бар.

Президенттин кызы Озода Рахмон 2016-жылдан бери президенттин аппаратын жетектеп келет. Дагы бир кызы Рухшона Эмомали Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси. Кенже кызы Фарзона Эмомали өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык коргоо министрлигинин реформалар, биринчи медициналык-санитардык жардам жана эл аралык байланыштар башкармалыгын жетектейт.

Президенттин башка кыздары да өлкөнүн ири бизнес жана банк тармагына аралашканы тууралуу буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып келишкен.


Шерине

XS
SM
MD
LG