Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:36

31-августтун аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

Кырчын жайлоосу. 2018-жылы Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учур.
Кырчын жайлоосу. 2018-жылы Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учур.

31-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден, 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20°, күндүз 30…35°;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16°, күндүз 28…33°;

Баткен облусунда түнкүсүн 16…21°, күндүз 31…36°;

Ош, Жалал-Абад облустарында 17…22°, күндүз 32…37°;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17°, күндүз 25…30°;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13°, күндүз 25…30° болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 33…35° болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG