АКШнын Куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгындагы Ирандын Ларак аралындагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эки ракеталык тутумуна сокку урду.
Бул тууралуу АКШнын Борбордук башкармалыгынын (CENTCOM) өкүлү Тим Хокинс билдирди.
Хокинс америкалык аскерлер Сакчылар корпусунун тутумдары Ормуз кысыгына деңиз миналары бар ракеталарды учурууга даярданып жатканын байкаганын айтты.
CENTCOM соккуну мина орнотуу менен алектенип, кемелердин каттамына тоскоолдук жараткан күчтөргө каршы "чектелген жана даректүү" аракет деп атады.
Америкалык башкармалык өткөн жумада гана Ормуз кысыгындагы кеме жүрүүчү каттамдарды миналардан тазалоо иштери аяктаганын кабарлады. Маалыматта, ирандык аскерлер ал жерге кайрадан жардыруучу түзүлүштөрдү жайгаштырууну көздөгөн.
Сакчылар корпусу Ларак аралына сокку урулганын ырастап, аскер кызматкерлери жана жарандар арасында каза болгондор менен жараат алгандар барын, буга жооп болорун билдирди.
Сакчылар корпусуна жакын Tasnim агенттиги расмий эмес булактарга таянуу менен эки адам каза болуп, экөө жараат алганын жазды.
31-августта эртең менен Иран америкалык аскерлер жайгашкан Бириккен Араб Эмирлигиндеги "Аль-Минхад" авиабазасына сокку урулганын жарыялады. Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө таянып, бул чабуулду Ларак аралына урулган соккуга жооп деп атады.
Июль айында АКШ менен Иран 60 күнгө ок атууну токтотууну жана Ормуз кысыгын ачууну караган меморандумга кол коюшкан. Макулдашууларга карабастан, тараптар бири-бирине сокку урууну улантышкан. Август айында Вашингтон Тегеранга каршы экономикалык кысым көрсөтүүнүн жаңы өнөктүгүн жарыялаган. Иран бийлиги муну "экономикалык терроризм" деп атаган.
Шерине