6-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы көк бөрү жана көкпар оюндарына билет алып, бирок жайгаша албай калган жарандардын акчасы кайтарылып берилет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маалымат жыйында билдирди.
"Ким биздин санарип тутум аркылуу билет сатып алган болсо, төлөм боюнча дүмүрчөктөрүн жана билеттин өзүн көрсөтүшү керек болот. Уюштуруу комитети тарабынан коюлган сумма - 1 миң сом кайтарылып берилет", - деди Мамбеталиев.
Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан 6-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында 6-сентябрда көк бөрү жана көкпар оюндарынын финалдык беттештери өтүп, Кыргызстан менен Казакстандын улуттук командалары күч сынашкан. Бул оюндарды көрүү үчүн келген жарандар милиция кызматкерлеринин эскертүүсүнө карабай, тосмолорду бузуп, ат майданга кирип кетишкен.
Кийин оюндардын алып баруучулары келген бардык конокторду ат майданга киргизүү боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма бергенин жарыялашкан.
Эртең менен көк бөрү боюнча беттеште Кыргызстандын улуттук курама командасы казакстандык улакчыларды 12:0 эсебинде жеңсе, көкпарда кыргызстандык оюнчулар 7:2 эсеби менен утту.
6-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда өтүп жатат. 31-августта расмий ачылышы Бишкек шаарындагы жаңы ачылган "Бишкек арена" стадионунда өтүп, калган иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уланууда. Оюндарга катышуу үчүн 106 өлкөдөн оюнчулар келген. 6-сентябрда 6-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын расмий жабылышы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.
Шерине