Ирактын түрмөлөрүндө калган кыз-келиндердин ата-энелери кыздарын, туугандарын мекенине кайтарып келүүнү суранып, бийликке кайрылды. Кыргызстандын ар кайсыл аймагынан чогулган ондон ашуун адам бүгүн, 14-сентябрда "Ынтымак Ордонун" алдына чогулуп, президенттин кабыл алуусун суранышты.
Алар 2013-2017-жылдары радикал топтордун азгырыгына алданган кыз-келиндер кыйын кырдаалда калганын, Иракта абал оор экенин айтышууда.
Тышкы иштер министрлиги буга чейин Ирактын абактарында кыргызстандык 41 жаран "Ирактын аймагындагы террордук ишмердиги үчүн" соттолуп, кармалып турганын маалымдаган.
2021-жылы мартта "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен кыргызстандык жарандардын 3-18 жаштагы 79 баласы кайтарылган.
Соңку ирет 2024-жылы июлда “Айкөл-6” гуманитардык миссиясынын алкагында 22 кыргыз жараны Кыргызстанга жеткирилген. Алардын 8и аялдар жана 14ү балдар экени айтылган.
Тышкы иштер министрлиги Ирактын абактарындагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатканын маалымдаган. Эки жыл мурда Ирактан жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн эки кыргызстандык жаран алып келинген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Алардын туугандары көпчүлүк келиндерди күйөөлөрү алып кеткенин билдиришкен. Кийинчерээк бир тобу качкындар лагерлерине түшкөн.
Сирияга кеткен жарандарын жана балдарды алып келүү ишин Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Казакстан баштап, кайтарылган жарандарын узак мөөнөттүү реабилитациядан өткөргөн. (КЕ/DSh)
Ирактын түрмөлөрүндө отурган кыз-келиндердин ата-энелери бийликке кайрылды
Дагы караңыз
Шерине