Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Кыргызстанда казак медицинасынын күндөрү өтөт

Бишкекте 15-18-сентябрда Казак медицинасынын күндөрү өтөт. Ага Казакстандын алдыңкы медициналык уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын адистери келет.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Төрт күн бою академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун, Тез жардам клиникалык ооруканасынын, Улуттук онкология жана гематология борборунун, И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын жана башка медициналык мекемелердин базасында лекциялар, илимий-практикалык конференциялар, мастер-класстар, клиникалык талдоолор, бейтаптарга консультация берүү жана биргелешкен операциялар өткөрүлөт.

Саламаттык сактоо министрлиги бул Кыргызстан менен Казакстандын медицина адистеринин ортосунда тажрыйба алмашууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу кесиптик программа экенин билдирди.

"Программа кардиология жана кардиохирургия, онкология, педиатрия, балдар хирургиясы жана ортопедиясы, нейрохирургия, акушерлик жана гинекология, медициналык генетика, реабилитация, лабораториялык диагностика жана саламаттык сактоону санариптештирүүнү камтыйт. Практикалык тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулат. Анын алкагында дарылоонун заманбап ыкмалары, анын ичинде татаал кардиохирургиялык жана интервенциялык кийлигишүүлөр боюнча көрсөтмөлүү операциялар жана мастер-класстар каралган", - деп жазылган билдирүүдө.

Мекеменин билдиришинче, 15-сентябрдан 17-сентябрга чейин Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында Казакстандын эки мобилдик медициналык клиникасы иш алып барууда. Медициналык жардам Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы жана Ысык-Ата районунун Хунчи айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда уюштурулат.

Өзүнчө блок медициналык билим берүүнү жана санариптик технологияларды биргелешип өнүктүрүүгө арналган. Адистер телемедицинаны, саламаттык сактоо тутумун санариптештирүүнү, кадрдык ресурстарды башкарууну, медицина адистерин даярдоодогу заманбап мамилелерди, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жана эксперттер менен алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.


Шерине

XS
SM
MD
LG