Аскер прокуратурасы жүргүзгөн тергөөнүн жүрүшүндө «Байтик» метеостанциясынын аймагындагы кызматтык-тиричилик багытындагы имаратты курууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары бир катар мыйзам бузууга барганын аныктады. Бул тууралуу 18-сентябрда Аскер прокуратурасы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышка (жооптуу кызматты ээлеген адамдын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу) шек саналып, Өзгөчө кырдаалдар министринин мурдагы башчысы А.Б. кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Жогоруда жазылган А.Б. инициалы ӨКМди 2020-жылдын октябрынан быйыл 16-февралга чейин жетектеген Бообек Ажикеевдин аты-жөнүнө туура келет.
"Аталган объект долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтерсиз курулганы аныкталды. Ошондой эле ал курулуш иштерин жүргүзүүгө таптакыр тыюу салынган суу коргоо аймагында Ала-Арча дарыясынан 5 метр аралыкта жайгашканы белгилүү болду. ӨКМнин жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары уланып жатканы кабарланды.
Ала-Арча дарыясынын боюндагы "Байтик" станциясындагы курулуш тууралуу "Азаттык" жакында журналисттик иликтөө жарыялаган.
Анда мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу Башкы прокуратура тергөө жүргүзүп, текшере баштаганы белгилүү болгон. Буга чейин "Кыргызгидрометтин" кызматкерлери Ажикеевдин тушунда “Байтик” станциясындагы курулуш "мыйзамсыз салынган" деп доомат койгон. "Кыргызгидрометтин" азыркы жетекчиси курулуштун документтери жок экенин айткан.
Шерине