Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

Кыргызстанда 52 миңден ашуун адам психиатриялык каттоодо турат

Республикалык психиатрия жана наркология борбору. Иллюстрациялык сүрөт.
Республикалык психиатрия жана наркология борбору. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2026-жылдагы маалымат боюнча, 52 миңден ашуун адам психиатриялык каттоодо турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер комитетинин 28-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, республикада болгону 138 психиатр дарыгер бар.

"Кыргызстанда ооруканаларда 1 миң 475 орун бар. Кадрлардын жетишсиздиги жана иштеп жаткан дарыгерлерге түшкөн иштин көптүгү көйгөй бойдон турат", - деди Нурбек Букуев.

Министрдин орун басары психиатрия тармагы боюнча 2030-жылга чейинки программа иштелип чыкканын жана анын алкагында психиатриялык жардам көрсөтүү жаатындагы абалды жакшыртууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Депутаттардын каттоодо турган бейтаптардын ичинен канчасы 18 жашка чейинкилер экени тууралуу суроосуна Букуев жооп бере алган жок.

Депутат Элвира Сурабалдиева акыркы убакта психиатриялык оорулары бар адамдардын катышуусунда коомчулукка жагымсыз окуялар болуп жатканын белгилеп, мындай адамдардын реестрин түзүү зарылдыгын сунуштады.

Букуевдин депутаттарга берген маалыматына караганда, Кыргызстандагы бир катар психиатриялык ооруканаларда оорулууларды кайтарган күзөт кызматы жок, ага акча каралган эмес.

Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер комитети 28-сентябрдагы отурумунда "Психикалык оорулардан жабыркаган адамдарды эсепке алуу, көзөмөлдөө жана дарылоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле бул багыттагы реформалар" жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын укту. (ZKo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG