Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Дрон чабуулунан кийин Кубанда мунай базасында өрт чыкты

 "Эдельвейс-95" мунай базасы
"Эдельвейс-95" мунай базасы

Краснодар крайына жасалган дрон чабуулунан кийин мунай базасы өрттөнгөнүн украиналык Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм каналдары жазышты.

Astra бул Новотитаровск кыштагындагы "Эдельвейс-95" мунай базасы экенин аныктаган. Компания мунайзаттарды, анын ичинде АИ-92, АИ-95, АИ-100 үлгүсүндөгү бензинди дүңүнөн сатат.

Базанын 4500 метр кубга чейин күйүүчү май сактоо мүмкүнчүлүгү бар. Ишкананын сайтында компания 30 жылдан бери иштеп келери жана күйүүчү майды Орусиянын ири мунай иштетүүчү заводдорунан түз сатып алары тууралуу жазылган. Astra белгилегендей, мунай базанын күйүүчү майды кабыл алуу жана сатууга арналган менчик темир жолу бар.

Кийинчерээк Краснодардагы ыкчам штаб Динск, Павлов жана Красноармейск райондорунда үч жарандык инфратүзүм мекемелери "дрон сыныктары түшкөндүктөн" күйгөнүн маалымдады. Эч ким жабыркаган эмес.

Воронеж облусунун башчысы Александр Гусев аймактын үстүнөн 20дан ашуун дрон жок кылынганын билдирди. Баштапкы маалыматтар боюнча, төрт киши жабыркаган, Гусев төрт жаштагы кыз жана жети жаштагы бала оор абалда ооруканага жеткирилгенин жазды. Анын сөзүнө караганда, "учкучсуз учактардын сыныктары кулап", Воронежде жер үй, биринде автоунаа сакталган үч гараж өрттөнгөн. Ар кайсы райондордо көп кабаттуу жана жер үйлөрдүн чатырлары, айнектери сынган, автоунааларга зыян келтирилген.

Украина 2026-жылы Орусиянын мунай иштетүүчү инфратүзүмдөрүнө соккусун күчөттү. Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматына караганда, сегиз айдын ичинде орусиялык мунай заводдорго үч күндө бир сокку урулуп турган. Июнь айында Орусияда мунай иштетүү былтыркы жылга караганда 30% азайып, 2004-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге жеткен. Бензин иштетүү да кыскарган.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG