Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-сентябрда Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Яна Лантратова менен жолугушту. Бул тууралуу «Ынтымак ордо» кабарлады.
Өкмөт башчы Орусияда эмгектенип жаткан кыргызстандык мигранттар маселесине токтолуп, "көзөмөл реестрине" киргизилген жарандарга көмөк көрсөтүү жана миграциялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү зарылдыгына көңүл бурду.
Ошондой эле кыргызстандыктардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, балдарынын билим алуу, медициналык жана социалдык коргоо укуктарын камсыз кылуу тууралуу да сөз болду.
Касымалиев кыргыз тарап кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары чыңдоого, ошондой эле бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин айтты. Ошол эле учурда ал Орусияда жашап жана эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун, миграциялык жана социалдык маселелерди ырааттуу чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бул контекстте кыргыз тарап Кыргызстандын жарандарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалына түздөн-түз тиешеси бар маселелер боюнча россиялык өнөктөштөр менен конструктивдүү диалогду улантууга чоң маани берери белгиленди», - деп айтылды маалыматта.
Өз кезегинде Яна Лантратова артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Ал Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү институту менен Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун ортосунда актуалдуу маселелер боюнча жигердүү кызматташтык жүрүп жатканын айтып, жарандардын укуктарын коргоо боюнча орус-кыргыз борборун түзүү демилгесине да токтолду.
Акыркы жылдары Орусия миграциялык мыйзамдарын улам катаалдаштып келатат. Маселен, мигранттардын балдары орус тили боюнча сынактан өткөндөн кийин гана мектепке кабыл алынат. Мунун айынан балдарын мектепке киргизе албай калган үй-бүлөлөрдүн саны өсүп, айрым учурларда балдар билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.
Быйыл 5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн «көзөмөл реестри» иштей баштаган. Бул тизмеге кирген адамдардын укуктары кескин чектелет.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр жыл башынан бери өлкөдөгү чет өлкөлүк жарандардын саны 10% кыскарган. Бул көрүнүш мигранттардын жашы жете элек балдарынын саны дээрлик 25% азайганы менен түшүндүрүлөт.
Май айында Орусияда 502 миңге жакын кыргызстандык эмгектенип жүргөнү айтылган. Алардын 268 миң 460ы миграциялык каттоодо турат. (КЕ)
Шерине