Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын лидери Владимир Путинди “көрүнүктүү мамлекеттик ишмер” жана “Орусияны жетектөө үчүн эң ылайыктуу саясий фигура” деп атады. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн мамлекет башчысы Берлинде немис канцлери Фридрих Мерц менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди. Ошол эле учурда ал Казакстан мамлекеттердин суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоо принцибин жактарын белгилеп, украин элине, маданиятына, тилине терең урматын билдирди. Германияга эки күндүк расмий сапар менен барган Токаев бир катар бизнес-форумдарга катышып, жетекчилер эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады.
Шерине