Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Бактарды кыюунун жазасын күчөтүү сунушталууда

Бул жерде мурда бак тигилип турган. Ош шаары. (архив)
Бул жерде мурда бак тигилип турган. Ош шаары. (архив)

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бактарды оңой эле кыюуга жана сугат системасын бузууга жазаларды күчөткөн нормаларды сунуштап жатат. Депутат демилгелеген нормалар "Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизет.

Дастан Бекешев учурда Бишкекте жана башка шаарларда бактарды кыйгандарга административдик жаза жеңилдигин, айыпкерлер аз гана айып пул төлөп коюп, кутулуп жатышканын белгиледи.

"Биз 10-кичирайондо демөөрчү таап, парк аймагын уюштурганбыз. Тез өсүүчү, кымбат көчөттөр алынган. Бактарды сугаруу үчүн атайын сугат системасы да курулган. Жакшынакай болуп жашылданып өсүп калган паркты быйыл курулуш компаниясы келип, бактарды кыйып, сугат системасын бузуп салды. Ал айып пул төлөп койгонун айтып, кутулуп кетти".

Депутат жаңы нормалар менен бактарды инвентаризациялап, ар бир түп бакка номер берүүнү сунуштады. Ал ошондой эле көп кабаттуу үй курган компанияларга да айланасын бактар менен жашылдандырууга милдеттендирүү зарылдыгын белгиледи.

Комитеттин айрым мүчөлөрү кыйылган бактар үчүн да кенемте төлөө нормасын киргизүү зарылчылыгын айтышты.

Бишкекте акыркы жылдары көчөлөрдү кеңейтүү максатында жол жээгиндеги бактарды кыюу арбыганын экологдор сындап келишет. "Арча демилгеси" коомдук фонду 2024-жылы Бишкек шаарындагы 250 миңдей түп бак-дарак Бишкектин аянтынын 10% да түзбөсүн белгилеп изилдеп чыккан.

Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектинин боюндагы теректерди кыюуну ордуна жаш бак отургузуу максаты менен түшүндүргөн. Мэрия муну дарактардын айрымдарына 50-60 жыл болуп, алар картайып, кооптуу болуп калганын жүйө кылган. Иш жүзүндө аталган проспекттеги кыйылган бактардын орду жолду кеңейтүүгө алынган.(ZKo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG