Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Орусия менен Украина 270тен согуш туткундарын айырбаштады

Үйүнө кайтарылган украиналык согуш туткундары. Украина, 23-октябрь 2026-жыл.
Үйүнө кайтарылган украиналык согуш туткундары. Украина, 23-октябрь 2026-жыл.

Орусия менен Украина согуш туткундарын алмашты. Бул ирет эки тараптан тең 270тен адам кайтарылды. Орус Коргоо министрлиги орусиялык аскерлер учурда Беларуста экенин билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский кайтып келген украиналык жоокерлердин басымдуу бөлүгү "Азов" полкунун мүчөлөрү, Мариуполду коргогондор, 2022-жылдан бери туткунда кармалып келгендер экенин билдирди.

Президенттин айтымында, алардын арасында 2022-жылдын июль айында Оленевкага жасалган сокку учурунда каза болгон деп эсептелип жүргөн беш аскер да бар.

Украиналык "Хочу найти" уюмунун маалыматына караганда, 2025-жылдан бери биринчи жолу Орусия айырбаштоо тизмесине Донецк жана Луганск облустарынын оккупацияланган аймактарынан күч менен алынып кеткен адамдарды кошту.

Украиналык аскерлердин айрымдарына орусиялык соттор өкүм чыгарган эле.

2026-жылдын башынан бери Орусия менен Украина аскердик туткундарды 18 жолу айырбаштады. Акыркысы 19-августта болуп, анда эки тараптан тең 103төн адам бошотулган.

Мындан тышкары 23-октябрда Москва менен Киев жай тургундарды бошотушту: Орусияга жети адам (алты үй-бүлөнүн мүчөлөрү, анын ичинде бир жубайлар) кайтып келсе, Украинага да жети адам (алты үй-бүлөнүн мүчөлөрү) кайтарылды.

Бир күн мурун тараптар каза болгондордун сөөгүн алмашкан. Орусия 252, ал эми Украина 25 адамдын сөөгүн кабыл алганы кабарланган.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG