Орусия менен Украина орус аскерлери ээлеп алган Херсон облусунун батышындагы Олешки шаарынын айланасында согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу макулдашты. Бул аралыкта ал жерге гуманитардык жардам жеткирилип, жергиликтүүлөрдү эвакуациялоо иши жүрмөкчү.
Ак үйдүн маалыматына ылайык, мындай макулдашууга АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын катышуусунда жетишилди.
Жарашуу 29-октябрда башталат.
«Эки өлкөнүн аскерлери эмес, жарандык жетекчилери чогуу иштешет, Олешкинин жашоочуларынын үйлөрүн кыдырып, зарыл болгон жардамдын көлөмүн баалашат. Коопсуз жерге көчүүнү каалагандарга координацияланган көмөк көрсөтүлөт жана өздөрү тандаган жерге жеткирилет. Кээ бирлери Орусияга, башкалары Украинага кетүүнү каалашат деп ойлойм», - деп билдирди Мелания Трамп.
Биринчи айым бул жараянга америкалык медианын журналисттери көз саларын кошумчалап, кайсы маалымат каражаты экенин тактаган жок.
Президент Трамптын жубайы муну менен ар бир үй-бүлөөнүн каалоо-тилегин так орундоо камсыздаларын белгиледи.
19-октябрда украин парламентинин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (акыйкатчы) Дмитрий Лубинец Украина менен Орусия Олешкиде калган калкты эвакуациялоого даярданып жатканын билдирген. Ал эвакуация шаардын өзүн жана ага жакын жайгашкан алты калктуу конушту камтый турганын белгиледи. Украин тараптын баамында, аймакта дагы эле болжол менен 6 миңдей жай тургун, анын ичинде 200гө чукул бала бар болушу мүмкүн.
16-октябрда Рим папасы орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, Олешкиде ок атууну токтотууга чакырган. Понтифик шаардагы оор гуманитардык кырдаалга байланыштуу "терең тынчсыздануусун" билдирип, азык-түлүк жана медициналык каражаттарды жеткирүүгө, ошондой эле жайкын тургундардын ыктыярдуу жана коопсуз эвакуацияланышына шарт түзүүгө үндөгөн.
Шерине