Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Орусия басып алган Олешкиде ок атышууну токтотуу режими күчүнө кирди

Олешкидеги талкаланган үйлөр. Украинанын "Борисфен" 34-деңиз бригадасынын видеосунан алыпган скриншот. 22-октябрь, 2026-жыл
Олешкидеги талкаланган үйлөр. Украинанын "Борисфен" 34-деңиз бригадасынын видеосунан алыпган скриншот. 22-октябрь, 2026-жыл

Украинанын Херсон облусундагы Орусия басып алган Олешки шаарында гуманитардык миссия чүн ок атууну токтотуу режими башталды.

Украинанын акыйкатчысы Дмитрий Лубинец ок атууну токтотуу режими Киев убактысы боюнча таңкы саат 03:00дөн тартып гуманитардык операция жүргүзүлө турган айрым аймактарда күчүнө киргенин билдирди. Анын айтымында, азырынча ок атууну токтотуу боюнча бардык шарттар сакталып жатат.

"Олешкидеги жайкын тургундардын коопсуздугун жана жетишилген макулдашуулардын аткарылышын биринчи орунга коюп, коомчулукту мындан аркы маалыматтар менен кабардар кылып турам", – деди ал.

Ок атууну токтотуу режими башталганын Орусиянын Коргоо министрлиги да ырастады.

"Херсон облусундагы Алешки (Олешки) калктуу конушунун аймагында гуманитардык операция өткөрүүгө даярдык көрүүгө байланыштуу Орусиянын Куралдуу күчтөрү Херсон багытында ок атууну токтотуп, 2026-жылдын 27-октябрында Москва убактысы боюнча саат 04:00дөн тартып "тынчтык режимин" киргизди", – деп айтылат орус тараптын билдирүүсүндө.

Орусия менен Украина орус аскерлери көзөмөлдөгөн Олешки шаарында гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылуу жана тургундарды эвакуациялоого даярдык көрүү максатында согуш аракеттерин убактылуу токтотууну макулдашкан.

Ак үйдүн маалыматына ылайык, бул макулдашууга АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын ортомчулугу менен жетишилген.

Операциянын биринчи этабы катары шаарга алып баруучу жолдорду миналардан тазалоо иштери жүргүзүлмөкчү.


Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG