Орусия оккупациялап алган Олешкиде ок атышуу токтоду
Орус аскерлери согуштун башында ээлеп алган Херсон облусунун батышындагы Олешки шаарында ок атышпоо режими күчүнө кирди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги жана украин армиясынын Башкы штабы билдиришти.Майдан тилкесинде жайгашкан шаарчага гуманитардык жардам жеткирилип, каалагандарга коопсуз жерге көчүп кетүү мүмкүнчүлүгү берилмекчи. Макуладшууга өткөн аптада АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын арачылыгы менен жетишилген. Ага чейин Рим папасы Леон XVI лидерлерди Олешкидеги оор гуманитардык абалга көңүл бурууга чакырган.
Шерине