Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Нетаньяху да, оппозиция да шайлоодо көпчүлүккө жете алган жок

2026-жылдын 27-октябры. Израилдеги парламенттик шайлоо. Бней-Брак шаарындагы шайлоо тилкесинде ашынган ортодокс жөөт жараны добуш берүүдө.
2026-жылдын 27-октябры. Израилдеги парламенттик шайлоо. Бней-Брак шаарындагы шайлоо тилкесинде ашынган ортодокс жөөт жараны добуш берүүдө.

Израилде 27-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун добуштары толук саналып чыккандан кийин, Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматына караганда, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун оңчул жана диний партиялардан турган блогу Кнессеттеги 120 орундун 53үн алышы мүмкүн. Нетаньяху жетектеген «Ликуд» партиясы өз алдынча 27 мандат менен биринчи орунду сактап калчудай.

Ал эми мурдагы аскер башчы Гади Айзенкот жетектеген оппозициялык блок 48 орунга ээ болгону жатат. Айзенкоттун жаңы түзүлгөн «Яшар» партиясы 21 мандат алганы айтылды.

Бул шайлоодо араб партиялары көп добуш алганы күтүүсүздүк катары бааланууда. Алар жалпысынан рекорддук 19 орун алып, өлкөдөгү коалициялык сүйлөшүүлөрдө маанилүү саясий күчкө айланышы ыктымал.

Бирок бир дагы саясий лагерь өкмөт түзүүгө зарыл болгон 61 мандатка жете алган жок. Натыйжада өлкөдө жаңы коалиция боюнча узак жана татаал сүйлөшүүлөр зарыл.

Бул жолу шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу 77,9% жетип, акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болду.

Дүйнөлүк алдыңкы басылмалар Израилдеги шайлоону 2023-жылдын 7-октябрындагы кандуу окуядан кийинки Нетаньяхунун саясатына жана коопсуздук жаатындагы чечимдерине карата элдин ишеними канчалык экенин көрсөтүүчү референдуму катары баалап жатышат.

Reuters жана Associated Press агенттиктери «Ликуд» биринчи орун алганы менен Нетаньяху мурдагыдай туруктуу көпчүлүктү түзө албай калганын белгилешти. Алардын баамында, жыйынтык Израил коому ичинде олуттуу бөлүнүүчүлүк бар экенин көрсөттү.

The Washington Post басылмасы араб партиялары теориялык жактан «өкүмөттүн тагдырын чечкен күчкө» айланганын жазды. Бирок идеологиялык айырмачылыктардан улам алардын оппозиция менен толук союз түзүшү күмөн экени белгиленет.

The Guardian гезити оппозиция өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын Нетаньяху коалициясынын утулушу катары баалап жатканын маалымдады. Басылма ошондой эле шайлоо өнөктүгү өзү өтө курч жана тирешүү мүнөзүндө өткөнүн жазды.

BBC Израилди бир нече айга созулушу мүмкүн болгон коалициялык күрөш күтүп турганын жазды. Басылманын эксперттери төрт негизги сценарийди аташты: улуттук биримдик өкмөтүн түзүү, оппозициянын азчылык өкмөтү, оппозициянын ичинен өнөктөштөрдү өзүнө тартуу же кезексиз жаңы шайлоо өткөрүү.

Расмий жыйынтык ноябрдын башында бекитилип, президент Ицхак Герцогго тапшырылат. Андан кийин премьер-министрликке талапкерди аныктоо боюнча расмий консультациялар башталат.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG