Европадагы нааразылык, жаштар полиция менен кагылышты
Европанын бир катар жеринде жаштар билим берүүгө аз каражат бөлүнгөнүнө, турак жайдын, жалпы эле жашоонун кымбатташына нааразылык билдирип чыгышты. Германияда айрым акциялар башаламандык жана талап-тоноо менен коштолсо, Францияда студенттер кайрадан окуу жайларын бөгөттөөрүн жарыялашты. Демонстрациялар Италия, Португалия, Швейцария, Белгияда да уюштурулду. Айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар катталды.
Шерине