Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Орусиянын Ярославль облусунда мунай заводу өрттөнүүдө

НПЗ "Славнефть-ЯНОС" заводу. Архив сүрөт.
НПЗ "Славнефть-ЯНОС" заводу. Архив сүрөт.

3-ноябрга караган түнү Орусиянын Ярославль облусу Украинанын жапырт аба чабуулуна кабылганын аймак башчысы Михаил Евраев билдирди. Анын айтымында, бутага мунайды кайра иштетүүчү завод алынды, ишкананын инфраструктурасы зыянга учурап, өрт чыкты.

Заводдун эки кызматкери жараат алып, ооруканага жеткирилди.

Коопсуздук максатында Ярославлдан Москва тарапка кеткен автожолдо кыймыл убактылуу чектелди.

Astra басылмасы жергиликтүү тургундар жарыялаган видеолорго таянып, «Славнефть-ЯНОС» компаниясына таандык Ново-Ярославль мунай заводунун аймагында кеминде беш жерде өрт чыкканын жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги 3-ноябрдагы билдирүүсүндө өлкөнүн 14 аймагында, аннексияланган Крымда жана Кара деңиздин үстүндө 856 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Украина октябрдын аягынан бери Орусиянын мунай тармагындагы объекттерге соккуларын кайра күчөттү. Акыркы күндөрү Новокуйбышев, Уфа, Нижегород облусу жана Самара аймагындагы мунай ишканалары да чабуулга кабылды.

1-ноябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок ал үчүн АКШ Украинага Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракеталарды бериши жана Москва украиналык энергетикалык объекттерге жасаган чабуулдарын токтотушу керектигин айткан.

Чабуулга кабылган «Славнефть-ЯНОС» Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү эң ири ишканалардын бири. Завод жыл сайын 15 миллион тоннага жакын мунай иштетип, анын продукциясы Москвага жана өлкөнүн борбордук аймактарына жеткирилет. Ошондой эле ишкана аскердик авиация жана аскердик техника үчүн күйүүчү май чыгарат.

17-сентябрдагы чабуулда заводдун өндүрүш кубаттуулугунун болжол менен 40 пайызын камсыздаган жабдык жабыркап, иш убактылуу токтогон.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG