Украинадагы уруш: Эки кыргыз жардамга муктаж
“Көз алдыма балдарым тартылат” деген Алибек (аты өзгөртүлдү) Орусиядан “Азаттыкка” WhatsApp менен байланышка чыкты. Ал “тылда иштейсиң” деген сөзгө ишенип, келишим түзгөнүн, эми согушка кетүү алдында турганын айтты. Манас шаарынан Элистан Токтогуловдун окуясы тууралуу видео жарыялангандан кийин жакындарын согушка алдап же мажбурлап алып кетишкенин айтып, “Азаттыкка” кайрылгандар көбөйдү. Ал эми кыргыз өкмөтү башка өлкөнүн аймагындагы аскердик аракеттерге катышкан жарандары кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.
Шерине