ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:42

ЖМК: "Күлпаш" тасмасынан Ачарчылык курмандыктары тууралуу титрлер алып салынды

19-ноябрда Казакстандын кинотеатрларында режиссёр Акан Сатаевдин «Күлпаш» тасмасы кеңири көрсөтүүгө чыкты, бирок анда 1930-жылдардагы Ачарчылык курмандыктары тууралуу айтылган финалдык титрлер алынып салынган. Бул тууралуу Vlast.kz басылмасына Sataifilm киностудиясынын продюсери Марйам Сатаева билдирди.

Анын айтымында, тасманын жаратуучуларынан бул титрлерди алып салууну уруксат берүүчү комиссиянын өкүлдөрү суранышкан. Жүйө катары Ачарчылык учурунда «каза болгондордун саны тууралуу так маалыматтын жоктугу» айтылган.

Сатаева өзгөртүүлөр финалдык титрлерге гана тиешелүү болгонун белгиледи. Тасманын сюжети, сахналары жана хронометражы өзгөрүүсүз калган.

1938-жылы сталиндик репрессия учурунда атылып кеткен казак жазуучусу Бейимбет Майлиндин повестинин негизинде тартылган «Күлпаш» тасмасы казак талаасындагы ачарчылык трагедиясын баяндайт. Чыгарманын өзөгүн казак талаасындагы катуу ачарчылык маалында күйөөсү жана кичинекей уулу менен кошо өлүм алдында калган Күлпаш аттуу аялдын азаптуу тагдыры түзгөн. Үй-бүлөсүн ачкачылыктан сактап калуу үчүн ал күйөөсүнөн кетип, колунда бар чалга тийгени баяндалат.

Тасманын бет ачары 10-ноябрда Алматыда өтмөк, бирок көрсөтүүгө бир нече саат калганда токтотулган.

Ал кезде Sataifilm киностудиясы муну кошумча жол-жоболордго байланыштуу деп түшүндүргөн. Кийинчерээк Марйам Сатаева тасманын көрсөтүлүшү Казакстанда ушул жылдын жайында киргизилген тасманы коюудан мурда экспертизадан өтүү талабынан улам токтотулганын тактаган.

XS
SM
MD
LG