“Балта менен чапканда колу сыныптыр”. Таластагы мушташ: тараптар эмне дейт?
Колдоруна балта, союл кармаган топ жаран бир жигитти сабап жатканы тартылган видео интернетке желдей тарады. Талас облустук милициясы окуя 20-ноябрда Талас шаарында болгонун, шектүү катары сегиз киши кармалганын билдирди. Тасмадагы сабалган жигит 26 жаштагы Азамат Шаматов экени белгилүү болду. Анын апасы Жанар Шаматова сабаган жарандардын төртөө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) күзөт кызматынын кызматкерлери экенин “Азаттыкка” билдирди. ИИМ бул билдирүү боюнча тергөө иштери бүткөндөн кийин гана маалымат берерин маалымдады.
Шерине