Бишкек шаарында “Бишкек инвестициялык форуму-2026” ишин жыйынтыктады. 25-ноябрда өткөн иш-чаранын бул жылдагы темасы "Борбор Азия 2030. Рыноктун мүмкүнчүлүктөрү" деп аталып, кыргызстандык компаниялардын тышкы рынокторго чыгуусу жана эл аралык өндүрүштүк чынжырларды түзүү маселелери каралды.
Бул багытта өлкөнүн соода-инвестициялык потенциалын арттыра турган стратегиялык долбоор катары Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна көңүл бурулду. Форумдун катышуучулары бул магистрал Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жүк ташуу мөөнөтүн кыскартарын жана ата мекендик өндүрүүчүлөргө ири эл аралык рынокторго түз жол ачарын белгилешти.
Ошондой эле темир жолдун ишке кириши өлкө ичинде жаңы логистикалык борборлорду, кампаларды жана кошумча тейлөө тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков быйыл он айда Кыргызстандагы негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү 422 миллиард сомго жеткенин белгиледи.
“Министрлер Кабинети инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүүнү, инвесторлордун укуктарын коргоону күчөтүүнү жана административдик жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жогорулатууну улантууда. Кыргызстан коңшу мамлекеттер, Кытай, Европа өлкөлөрү жана башка эл аралык өнөктөштөр менен экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар”, - деди Акунбеков.
Иш-чаранын кийинки бөлүгүндө бизнес-сессиялар өтүп, ишкерлер инвестиция тартуу жана кызматташуу боюнча тажрыйба алмашты.
Жетинчи ирет өткөн Бишкек инвестициялык форумун 2015-жылдан бери JIA бизнес-ассоциациясы уюштуруп келген. Форумда уюмдун төрайымы Гүлнара Сатыбалдиева бул иш-чараны уюштурууну Beyond Investment Group компаниясына өткөрүп беришкенин билдирди.
Шерине