ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:53

Армения: Конституциянын жаңы долбоорунда Тоолуу Карабактан баш тартуу каралган

Армян премьер-министри Никол Пашинян. Ереван, 23-ноябрь, 2026-жыл
Армян премьер-министри Никол Пашинян. Ереван, 23-ноябрь, 2026-жыл

Арменияда жаңы Конституциянын долбоору негизги саясий талашка айланды. Премьер-министр Никол Пашинян сунуштаган документте Тоолуу Карабакка байланышкан дооматтардан баш тартуу каралган.

Бийлик бул кадам өлкөгө туруктуу тынчтык алып келет деп эсептесе, оппозиция долбоорду «Алиевдин Конституциясы» деп атап, аны Азербайжандын талаптарына баш ийүү, улуттук кызыкчылыктардан чегинүү катары баалап жатат. Ал эми Пашинян өзгөртүүлөр тышкы басымдын эмес, өлкөнүн кызыкчылыгынын негизинде сунушталганын айтууда.

Кошуна Азербайжандын курамындагы, тарыхый жактан негизинен армяндар байырлаган Тоолуу Карабактан Армения иш жүзүндө 2020-2023-жылдары баш тарткан.

Ошондо Баку согушта жеңишке жетип, аймакты көзөмөлүнө кайтарып алган. Ал эми Карабактагы армяндардын дээрлик баары Арменияга көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

Азербайжан президенти Илхам Алиев Ереван аймактык дооматтардан баш тартканын юридикалык жактан да бекемдеши керек деп талап кылып келет.

Армения мыйзамдарына ылайык, баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү үчүн парламентте кеминде 70 депутаттын колдоосу керек. Башкаруучу «Жарандык келишим» партиясынын болгону 64 мандаты бар болгондуктан, долбоордун тагдыры оппозициянын колдоосуна көз каранды. Бирок оппозиция аны колдобой турганын билдирген.

Пашинян референдум өтпөй калса кызматтан кетүүгө даяр экенин айткан. Саясий туңгуюктан чыгуу үчүн өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү да талкууланууда.

XS
SM
MD
LG