Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Стивен Гилленди кабыл алды. Президенттин администрациясы билдиргнендей, жолугушуу элчинин ишеним грамотасын кабыл алуунун алкагында уюштурулуп, анда Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында АКШ көрсөткөн колдоону жогору баалай турганын белгилеген.
Мындан тышкары өлкөдөгү жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, АКШ менен экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтык жаатында, банк жана каржы, тоо-кен өнөр жайы, энергетика тармагында кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин билдирген.
“Мындан тышкары, президент быйыл АКШга жасаган иш сапарларынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, америкалык Wabtec, Boeing жана башка компаниялар менен биргеликте долбоорлорду мындан ары да ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду”, - деп жазылган маалыматта.
Элчи Стивен Гиллен АКШ тарап да кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген. Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда ишке ашырылып жаткан экономикалык долбоорлорду канааттануу менен белгилеп, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерде белгилүү бир прогресске жетишүүгө үмүт артканы айтылат.
Ал президентти Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, АКШнын бул эл аралык аянтчада тыгыз кызматташууга даяр экенин айткан.
Стивен Гиллен - АКШнын дипломатиялык кызматында көп жылдык тажрыйбасы бар дипломат. Ал улуттук коопсуздук жана кризистик дипломатия тармактарында иштеген. 2021-жылдын февралынан 2024-жылдын июнуна чейин АКШ президентинин барымтадагылар маселеси боюнча атайын өкүлүнүн орун басары болгон. Ошондой эле АКШнын Минск, Багдад жана Сараево шаарларындагы элчиликтеринде, Ирактын Эрбил шаарындагы башкы консулдугунда иштеген.
АКШ президенти Дональд Трамп анын талапкерлигин 2026-жылдын август айында сунуштап, Сенат 30-сентябрда бекиткен. Гиллен 14-ноябрда элчи катары ант берген.
Ал бул кызматта 2022-жылдан бери АКШнын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн жетектеп келген Лесли Вигеринин ордун басты.
Шерине