Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арча капчыгайындагы көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучу тууралуу тараган маалыматтарга жооп берип, абал көзөмөлдө экенин билдирди. Министрликтин 27-ноябрда берген маалыматына караганда, ӨКМдин адистери илимий мекемелер менен бирге дрондор менен көлдөрдү текшерип, батиметриялык сүрөттөр жана аэровизуалдык байкоолорду жүргүзүп келет.
2023-жылы капчыгайдагы Аксай көлүнүн жырылып кетүү коркунучу артып, биринчи категорияга киргизилген. Кийин көлдөгү суу табигый жол менен азайып, ашып кетүү коркунучу жоюлган. Андан бери бул көлдө ашып кетүү тобокелдиги байкалган эмес.
Ал эми Адыгене көлүндө 2012-жылдан бери ашыкча сууну агызып турган түтүк системасы колдонулуп келет.
“Ошол эле учурда туруксуз мореналык-мөңгү көлдөрү, атап айтканда Тез-Төр көлү кылдат көңүл бурууну талап кылат. Мындай суу сактагычтардын өзгөчөлүгү – суунун көлөмү бир сезондун ичинде эле кооптуу деңгээлде топтолуп калышы мүмкүн, бул алардын абалына туруктуу байкоо жүргүзүүнү талап кылат. Белгилей кетсек, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын адистери Тез-Төр көлүнүн жырылып кетишин ал окуя болордон эки жума мурун божомолдошкон, бул мүмкүн болгон кесепеттерге алдын ала даярданууга шарт түзгөн”, - деп жазылган түшүндүрмөдө.
ӨКМ бийик тоолуу көлдөрдүн абалын дайыма байкап турарын, болжолдуу коркунучтарды алдын ала аныктоого мүмкүн экенин кошумчалады.
Мунун алдында жергиликтүү басылмалар эл аралык окумуштуулар тобунун 25-ноябрда EGUsphere илимий платформасында жарыяланган изилдөөсүнө таянып, Ала-Арча капчыгайындагы көлдөрдө мөңгүлөрдүн эришинен улам суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин жазышкан. Адистер мындан улам мөңгү көлдөрүнүн жырылып кетүү коркунучу бар экенин айтышкан.
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынын төрүндө Адыгене көлү жана майда көлмөлөр бар. Көл деңиз деңгээлинен 3850 метр бийиктикте, “Ала-Арча” улуттук паркынан 10 километр алыс жайгашкан.
ӨКМ 2024-жылы Кыргызстандын аймагында эки миңдей көл болсо, анын 368и ташып кетүү коркунучунда экенин билдирген. Кооптуу делген көлдөрдүн көбү Ысык-Көл жана Чүй облусунда жайгашкан.
Шерине