ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:16

ТҮРКСОЙ уюму 2028-жылды "Айтматовдун Түрк дүйнөсүндөгү жылы" деп жарыялады

Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2028-жылы Талас облусун "Түрк дүйнөсү маданий борбору” деп жарыялады. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Султан Раев 29-ноябрда Фейсбукка жазып, мындай чечим Өзбекстандагы Анжиян шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун туруктуу кеңешинин 43-сессиясында кабыл алганын белгиледи.

Ушул эле жыйында 2028-жылды Чыңгыз Айтматовдун “Түрк дүйнөсүндөгү жылы” деп жарыялоо чечими кабыл алынды.

Былтыр президент Садыр Жапаров 2028-жылды “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялоо боюнча жарлык чыгарган. Мындай чечим залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата кабыл алынган.

Жарлыктын алкагында Айтматовдун 100 жылдыгына карата иш-чаралар планын бекитүү, чет өлкөлөрдө көргөзмөлөрдү, илимий иш-чараларды өткөрүү, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкты уюштуруу, атайын коллекциялык алтын монетасын чыгаруу жана башка бир катар саамалыктар каралган.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылында туулуп, 2008-жылы 80 жаш курагында дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен чыгып келет.

Айтматов 1986-1991-жылдары Кыргызстандагы Жазуучулар союзунун туңгуч жетекчиси болуп иштеген. 1990-жылы СССРдин Люксембургдагы, 1994-2006-жылдары Кыргызстандын Бельгиядагы, Люксембургдагы, Нидерланддагы, Франциядагы элчиси болгон.

​
XS
SM
MD
LG