ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:16

Айзенкот менен Нетаньяху Израилдеги саясий туңгуюктан чыгууну талкуулады

Биньямин Нетаняху.
Биньямин Нетаняху.

Жекшембиде Израилдин премьер-министринин милдетин аткаруучу Биньямин Нетаньяху жана анын атаандашы Гади Айзенкот октябрдагы шайлоодон кийин түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн жолукту.

Бир күн мурун Нетаньяху улуттук биримдик өкмөтүн түзүү максатында башкы атаандашы "Яшар" партиясынын төрагасы Гади Айзенкотко премьер-министрлик кызматты кезектешип ээлөө схемасын сунуштаганын билдирген. Ага ылайык, эки лидер бул кызматты кезектешип аркаламак болгон. Бул тууралуу Би-Би-Си басылмасы жергиликтүү булактарга таянып жазды.

"Лидер катары менин милдетим – баарын, анын ичинде премьер-министрлик кызматты эң ири партиянын өкүлү ээлеши керек деген принципти да четке кагуу. Гади Айзенкот бул кызматты биринчи болуп ээлешине макулмун", - деп айтылат Нетаньяхунун билдирүүсүндө.

Буга жооп катары Айзенкот ишемби кечинде Нетаньяхунун ниеттеринин олуттуулугун баалоо үчүн тез арада коалициялык сүйлөшүүлөргө чакырды.

"Эгер "Ликуд" чыныгы биримдикке даяр болсо, мен бул маселенин олуттуулугун 24 саат ичинде кароого даярмын", - деди ал.

Айзенкоттун айтымында, сүйлөшүүлөрдө улуттук биримдик кабинетин түзүү боюнча өткөн жекшембиде Нетаньяхуга жиберилген «деталдуу сунуш» талкууланат. Айзенкот анын партиясы буга чейин ал сунушка расмий жооп ала электигин кошумчалады.

Буга чейин ал "Ликуд" сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле кылабы же жокпу деген суроону ачык койгондон кийин Нетаньяху өз сунушу менен чыккан.

Айзенкот жаңы өкмөт түзүлгөнүн (же коалиция түзүүнүн жыйынтыгын) белгиленген расмий мөөнөттө - 6-декабрда жарыялоого, ал эми мөөнөттү 14 күнгө узартуу мүмкүнчүлүгүн карабоону убада кылды.

7-ноябрда Израилдин президенти Ицхак Герцог Айзенкотко өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүүнү тапшырган.

27-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча борборчул "Яшар" партиясы жана дагы үч оппозициялык жөөт партиясы Кнессетте 48 орун алды. Нетаньяхунун блогунда – 53 мандат, бирок Израилде ар дайым болуп келгендей, бир дагы саясий күч 120 орундуу парламентте көпчүлүктү камсыздай алган жок.

Израилдин араб калкынын өкүлү болгон эки коалиция 19 орунга ээлик кылып, болуп көрбөгөндөй чоң көрсөткүчкө жетти. Бул израилдик арабдардын шайлоого адаттан тыш жогорку катышуусунун натыйжасы болду.

Эгер Айзенкоттун коалиция түзүү аракеттери ийгиликсиз аяктаса, президент муну башка саясатчыга тапшыра алат. Ал эми өкмөттү түзүү процесси болжол менен 100 күндүн ичинде аяктабаса, жаңы шайлоо дайындалышы мүмкүн.

Израилдин тарыхында кайсы бир партия көпчүлүк добуш алган учур болгон эмес. Өлкөнүн бардык өкмөттөрү коалициялык тартипте түзүлгөн.

2019-жылдан 2022-жылга чейин Израилде беш парламенттик шайлоо өткөн, анткени Нетаньяху менен анын каршылаштары кызматташуу боюнча бир нече жолу макулдаша албай коюшкан.

​
XS
SM
MD
LG