Испанияда жекшемби күнү, 29-ноябрда кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдө. Премьер-министр Педро Санчес жетектеген башкаруучу Социалисттик жумушчу партиясы башка солчул күчтөрдүн жана аймактык улутчул партиялардын колдоосу менен бийликте калуу үчүн ат салышууда. Аларга негизги атаандаш катары Альберто Нуньес Фейхоонун оңчул консервативдүү Элдик партиясы турат.
Үчүнчү орунга миграцияны кескин чектөөнү жактаган жана Украинага аскердик жардам берүүгө каршы чыккан оңчул популисттик Vox партиясы талапкер. Анын лидери Сантьяго Абаскаль мурда АКШ президенти Дональд Трамптын саясатын бекем колдоп келсе, акыркы убактарда бир аз басаңдай түштү.
Санчес кезексиз шайлоо өткөрүүнү октябрда, өкмөт турак жай кризисине каршы күрөшүү боюнча чаралар топтомун парламент аркылуу өткөрө албай калгандан кийин жарыялаган. Буга чейин өлкөдө ижара акысы кескин көтөрүлгөндөн кийин 87 жаштагы аял ижарага алган турак жайдан чыгарылганына байланыштуу массалык нааразылык акциялары өткөн.
Өлкөдө кымбатчылык шайлоо өнөктүгүнүн негизги темаларынын бирине айланды. Муну менен катар миграция маселеси да курч турат. Санчестин атаандаштары аны миграция саясатын катаалдата алган жок деп айыптап келишет. Алардын пикиринде, жайында Африкадан он миңдеген мигранттар кирип барган Сеута шаарында кризис жаралган.
Оппозиция бийликти коррупцияга да айыптоодо. Бир катар көрүнүктүү социалист саясатчылар жаңжалдарга аралашып, премьер-министрдин жубайына да айыптар тагылган.
El Pais басылмасынын маалыматына караганда, Испанияда жалпысынан 38,6 миллионго жакын жаран добуш берүү укугуна ээ. 60 миңден ашуун шайлоо тилкеси ачылды. Добуш берүүнүн алгачкы алдын ала жыйынтыктары 29-ноябрдын кечинде чыга баштайт.
Сурамжылоолор Элдик партиянын алдыда келе жатканын көрсөтүүдө, бирок социалисттер акыркы жумаларда айырманы кыскартышты. Көп нерсе Vox партиясынын жыйынтыгына байланыштуу болот. Эгер бул партия ийгиликтүү көрсөткүчкө жетсе, Элдик партия менен бирге өкмөттү түзүүгө катышууга умтулушу мүмкүн.
Санчес да, анын оппоненттери да жеңишке ишенерин билдиришүүдө.
Санчестин өкмөтү Европадагы саналуу солчул өкмөттөрдүн бири. Испан бийлиги Израилге карата катаал позицияны карманат, АКШ администрациясынын саясатын сындайт жана миграциялык саясат маселеси боюнча Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүнүн бийликтери менен пикир келишпей келет. Ошол эле маалда Испания бийлиги Украинаны ырааттуу колдойт.
Шерине