Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

БУУ, АКШ Сириядагы зомбулукту айыптады


Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия өкмөтүн өз жарандарына карата «өтө сабырдуу болууга» чакырып, өлкө бийлиги репрессия жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Мындай билдирүү менен баш катчы Сирияда аскерий күчтөр карапайым элди аткылап жатканы тууралуу кабарлангандан кийин чыкты. Жума күнү 20 киши өкмөттүк күчтөрдүн колунан өлгөнү айтылган.

Сирияда бир аптадан бери нааразылык акциясы уланып, башкаруучу Баас партиясынын бийлигин кыскартуу менен 50 жылга чукул такай өкүм сүргөн чукул кырдаал мыйзамын жою талап кылынууда. Бул мыйзамга ылайык полиция адамдарды дароо кармап, тергөө-сотсуз эле түрмөгө салууга укугу бар.

XS
SM
MD
LG