Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Митингге чыккандар Ак үйгө кирүүгө аракет кылышты


Ак үй дарбазасынан өтүп кеткен митингчилерди милиция чыгарып, учурда көзөмөл кылып турганын “Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жерден билдирди. “Кыял” соода жайынын тегерегинде соода кылган 500дөн ашуун адам буга чейин да бир жолу Ак үйгө кирүүгө аракет жасаган. Митингчилер менен “Ата Мекен” фракциясынын депутат Равшан Жээнбеков жолугуп, алардын талаптарын башка депутаттарга да жеткирүүгө убада кылган болчу.

Мэриянын базар айланасында мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдөн жана жайлардан тазалоо иштерине нааразы болгон сатуучулар аларды ордуларынан козгобоону талап кылышкан. Мэрия “ишти мыйзам жолуна бурууга аракет кылып жатабыз”, деп жооп берүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG