Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Жапонияда унаа өндүрүшү кескин айзайды


Жапонияда март ичинде сатылган жаңы унаалардын саны былтыркы жылга салыштырганда 37% азайганы айтылууда. Жакындагы зилзаладан, анын артынан каптаган топон суудан бул дүйнөлүк автодержава катуу запкы тартууда. Тетиктердин тартыштыгынан жана электр кубатынын жоктугунан заводдор токтоп турат.

Баарынан көп айтылуу Toyota жабыр тартты, анын үлгүсүндөгү унаа өндүрүшү 46 пайызга азайган. Жума күнү бул компаниянын жетекчиси Акио Тойода заводдордун токтоп турушу кирешелердин кескин кыскарышына алып келет деп билдирди.

XS
SM
MD
LG