Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

4-апрелде мезгил-мезгили менен кар жаайт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 4-апрелде мезгил-мезгили менен кар жаайт жана тоолорго кар түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл аймагында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз -2…+3 градус болоору күтүлүүдө. Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 0…-3, күндүз 0…5 градуска чейин жетет. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз -3…+2 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9 градус суук болсо, күндүз -4…+1 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -4… -6 градус суук, күндүз -1…+1 градус болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG