Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Жапон АЭСинде эки кызматкердин өлүгү табылды


Жапониядагы “Фукусима-Дайичи” атомдук электростанциясында эки кызматкердин өлүгү табылды. Аларды 11-марттагы цунамиден кийин жоголуп кеткен деп жатышкан. Токио электроэнергетика ишканасынан билдиришкендей, алардын денеси бүгүн станциянын өзүнөн табылды. Ал арада АЭСте океанга куюлуп жаткан радиоактивдүү сууну токтотуу аракети уланууда. Буга чейин суу агылып жаткан тешикти цемент менен жапкандан майнап болбогонун айтышкан. Эми аны химиялык түрдүү заттар менен бүтөгөнгө далалат кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG