Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Ажиев: Жаңы конуш менен шаарды бөлбөш керек


Жаңы конуштардын биринде жашаган кыз.
Жаңы конуштардын биринде жашаган кыз.

Бишкектеги жаңы конуштарда “Жаңылануу” аттуу долбоор башталды. Анын уюштуруучусу “Эреп" ассоциациясынын жетекчи Мирзат Ажиев жаңы конуштардагы абал тууралуу “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: «Жаңылануу» долбоору эмне үчүн жаңы конуштарда уюштурулуп жатат? Эмне максатты көздөйт?

Мирзат Ажиев: Эң биринчи максат жаңы конуштарда жашап жаткан жаштарды өздөрү жашаган конуштардын маселесине аралаштыруу болуп саналат.

Жаңы конуштар пайда болгондон бери алар эптеп-септеп эле жашап, үйлөрүн куруп эле туруп калышат. Мындан улам ошол жакта жашап жаткан келечек муун менен “ушул биздин конуш экен”, “ушул жакка салымыбызды кошуп, жерлерди түздөп, жолдорду оңдосок, жашылдандыруу процесстерин жасасак” деген демилгелерди көтөрдүк.

Биз мурдатан бери жаңы конуштарда иштеп келе жатабыз. Мындан улам “Жаңылануу” долбоорун ишке ашыра баштадык.

“Азаттык”: Бул долбоордун алкагында кандай иштер жасалат?

Жаңы конуштарды суу көйгөйү олуттуу турат.
Мирзат Ажиев: Бул долбоордун алкагында төрт чоң бөлүктөн турган иш-чаралар аткарылат. Биринчиси, он жаңы конушта демилгелүү жаштар топтору түзүлөт. Экинчиси, ошол конуштарда жашап жаткан жаштардын жардамы менен жашылдандыруу иштерин аткарабыз.

Үчүнчүсү, спорттук иш-чаралар. Жаңы конуштагылар футболду көп ойношот экен. Алар өздөрү демилге көтөрүштү. Мындан улам алар конуштар аралык футбол мелдешин өткөрөлү деп жатабыз. Ага 48 конуш катышканы жатат. Төртүнчүсү, спорттук марафон өткөрөлү деп жатабыз. Анан спорттук жарманке уюштурулат. Ар кандай спорттук секциялардын жарманкеси болсун деп жатабыз.

“Азаттык”: Сиздер жаңы конуштарда буга чейин да бир катар иштерди жүргүзүп келгенсиздер. Бул конуштардагы тургундар, айрыкча жаштар эки ыңкылапта тең негизги күч болуп, талап-тоноого да катышты деп байкоочулар айтып келишет. Азыр Бишкекте канча жаңы конуш бар, ал жерде канча адам, кандай шартта жашайт?

Мирзат Ажиев:
Азыр Бишкек тегерегинде 48 жаңы конуш бар. Бул конуштарда 250-300 миңге чукул адам жашайт. Алардын 60-70-пайызын жаштар түзөт экен. Булардын көпчүлүгү 35-40 жаштагылар болуп саналат.

Ыңкылаптарга жаңы конуштардын жаштары катышып калат деген сөздөр бар. Чындыгында эле ошондой. Биздин долбоор да жаңы конуштардагы көрүнүштөрдүн бардыгына сереп жасап жүрүп, жаңы конуштардагы жаштарды позитивдүү нукка буруп, конуш менен шаардын айырмасын бөлбөй, бир эле экендигин билдире турган аракеттерди ишке ашырабыз.
Жаңы конуштар пайда болгондон бери алар эптеп-септеп эле жашап, үйлөрүн куруп эле туруп калышат.


“Азаттык”: Шаар жана жаңы конуш айрымын айтып кетпедиңизби? Эмне үчүн алигиче жаңы конуш маселеси чечилбей келет?

Мирзат Ажиев: Эки тармакты айыптоого болот. Биринчиден, бийлик, экинчиден, ал жердеги адамдар. Бийлик ошол жерлерди берет дагы, жоопкерчилиги жок болуп калат. Шарттар түзүлүп берилбейт. Өздөрүнүн жоопкерчилигин таштап салышат. Мындан улам суу, электр маселелери чечилбей калат. Бул өкмөттүн көрөгөчтүгүнүн жоктугунан кабар берип турат. Анткени алар жерди берсе, ал жер тууралуу шарттуу пландар болушу керек эле.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG