Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:20

Жаңы шаар - жаңы конуштар таржымалы


Мындан 20 жыл илгери Бишкекте үй куруучулар кыймылы, шаар четинен жер басып алуу, кыйла жылдар батирде жашаган кыргыз жаштарынын социалдык муктаждыгын ишке ашыруу аракети башталган. Кыргызстандагы саясий жаңылануу мына ошол «Ашар» козголушунан өнүп чыккан.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусуна «ашарчылар» - парламент депутаты Бейшен Абдыразаков менен белгилүү ишкер Жанаалы Шабдрай Зергер катышат.

- Зергер мырза, ошол 1989-жылкы жаштар кыймылынын кантип чыгышынан көпчүлүк кабардар. Козголуш үйсүз-жайсыз жаштар көйгөйүнөн эле чыктыбы же ошол кезде Советтер Союзунда жандана баштаган кайра куруу, демократиялык жаңылануу зарылдыгынан улам чыктыбы?

Жанаалы Шабдрай Зергер:
- 1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшү алдында үйөз башчысы Иванов менен Кыдыр акенин ортосунда момундай сөз жүргөн экен. Иванов айтып атат: “Мамлекет башына кыйынчылык түшүп жатса, урушка көп каражат керек экен, полковник мырза, тамак-аш, ок-дары жагынан. Ушундай кыйын кезде “ак паашаны” колдоп койбосуңарбы”, деп айтып жатат. Анда Кыдыр аке минтип атат: “Колдойбуз оезум, колдойбуз, колдобой каякка барат элек? Бирок биздин дартыбыз – улугубуз калыстыктан тайыбаса экен. Элге тең караса, кыргыздардан тартып алган жерди берсе, деген эле ой”. Бул 1916-жылдагы будуң-чаң башталган, кыргыздардын өлтүргөнүн өлтүрүп, кубалаганын кубалап, жок кыла баштагандагы сөз болуп жатат. Андан кийин Советтер Союзунда жашадык, билимин алдык, өнөр үйрөндүк. Ошондо да ушу жерге байланышкан маселе чечилбей калыптыр. Себеби баарыбыз эле Бишкекке келип үйлөнүп, үй ала албай, батирден-батирге көчүп жүрдүк. Жер маселеси деле чечилбей кала берген экен ошондо. Бишкекте “Нахаловка” деген үйлөр бар эле. Ошол “нахаловкадагылар” 1989-жылкы “Ашар” козголушу, үй куруучулар кыймылынын негизин түздү. 1985-жылкы Горбачевдун тушунда айкындуулук, кайра куруу кезинде элде жандануу пайда болду. Кийин мен ошол үй куруучуларга аралашып кеттим. Бул он чакты эле киши чогула коюп жасалган иш эмес. Социалдык адилетсиздиктен келип чыккан проблема.


- Бейшен мырза, ошол жер басып алуу кыймылы башталганда айрым аткаминерлер эгин талааларды жаштарга бергиче аларга бир-эки микрорайон шаарчаларын салып берген жакшы болорун айтышкан эле. Жаңы курулуштардын социалдык керектөөлөрүн канааттандыруу кыйын болуп калат, дешкен. Анын бир чети чындык экенин азыр көрүп эле жатпайбызбы. Мына 40 ашуун жаңы конуштардын толгон-токой социалдык маселелри чечилбей эле келатат. Сиздин оюңузча, минтип жер бөлбөй эле дагы бир-эки микрорайон куруу менен проблеманы чечсе болор беле же жер бөлүп берүү туура болгонбу?

Бейшен Абдыразаков:
- Өкмөттүн колунан келип ошондой көп кабаттуу үйлөрдү салып берсе бир чети туура эле болмок. Жер үнөмдөлүп, шаар көркүнө чыгып, жаштар да шарты мыкты үйлөрдө жашап калышмак. Мына жаныбыздагы казактар 10 жыл ичинде Астананы келиштирип салып коюшту. Биздикилер 18 жыл ичинде 18 там деле салган жок. Ал эми жер жөнүндө айтсак, кыйла жылдар батирде жашаган кыргыз жаштары жарылып кетти. Жерди алганы бир чети туура эле болгон. Өкмөткө ишенип отуруп алганда көп кабат үйлөрдү салып бермек эмес, каражаты деле жок болчу. СССР кулап, акча бөлүнбөй калды. Мурда бир микрорайонду бир сезондо эле салып койчу эмес беле. Кийин алар токтоду. Үй салышка мамлекеттин чама-чаркы жетпестигин биз ошондо эле түшүнгөнбүз. 20 -30 миңдей кыргыздар өз жерибизде бирөөлөрдүн үйүндө - батирде кор болуп жүргөнбүз. Жер басып алган ал кезде туура эле болгон. Өкмөт салып берет деп күтүп отурганда азыркы күнгө чейин 300 миң киши үй-жайсыз жашамак. Анан 24-марттан кийин баары бир басмак. Бирок мында кеч болуп калмак. Эл да кыйналмак, үй-жай салыш кымбат. Ошо кезде өкмөттө да акча каражат болуп мына 80% суу жеткирилип, жол, мектептер салынып калды. Албетте, азыр деле проблемалар толтура. Суу, жарык, жолу жок отурган конуштар дагыле бар. 60 бала бакча салына турган болсо үчөө гана салынды. Мектептер 65 болсо азыр 25 гана салынды. Элдин жер алганы эң туура болду деп ойлойм.

- Зергер мырза, алынган жер натыйжалуу пайдаланылып, мыйзам негизинде чынында муктаж болгондорго берилип жатабы? Жердин айланасында алып сатарлык, көз боемочулуктар жокпу?

Жанаалы Шабдрай Зергер: - Эшикте калган кыргыз жаштары убагында көтөрүп чыкпаса биздин социалдык абал мындан да начар болмок. 40 миң үй-бүлө жамандыр-жакшыдыр үйүн куруп жашап жатат. Ар бир үйдө 5 – 6 киши дей турган болсок 200 миңдей киши. Анан буга кошулуп жашап аткан тууган-уруктарын эсепке алганда жарым миллион адам жашап-иштеп жатышат. Жана чет жерде жүргөн миллион деп атпайбы, ошолор деле биздин арабыздан чыккан. 40 миң үй-бүлө жерлүү болуп калганы кыргыз экономикасына да көмөк көрсөтүп, биртоп социалдык маселелерди чечип салды. “Ашар” жаңыдан башталганда үй куруучуларга 25 миң рубль карыз акча 3% үстөгү менен 27 жылга деп берилген. Чоң акчадан коркуп көбү албай коюшкан. Азыр эми салып алган үйлөрүндө жашап жатышат. Капиталдык курулуш башкармачылыгы түзүлдү. Ал азыр 500 – 600 миллион сомдук иштерди бүткөрүүдө.

- Бейшен мырза, анткен менен келишимдүү салынган үйлөр жаңы конуштарда аз. Алардын социалдык проблемалары толтура. Бишкек жер титирөө болушу мүмкүн коркунучтуу аймакта жайгашкан. Анан саман үйлөр көп салынып жатат.

Бейшен Абдыразаков: - Курулуштар башталып, социалдык маселелер көбөйүп бараткан чакта президент менн жолугушуу болуп, биз андан мына ушул жаңы конуштарды өзүнчө бир районго бөлүү жөнүндө суранганбыз. Эл көбөйүп жатат. Өкмөт жетишпей атат, ошондуктан өзүнчө район кылып бергиле, дегенбиз. Бирок президент Бишкек кичинекей шаар, 4 району бар, дагы бир район кылып койгондо болбойт, деген. Анын ордуна жанагы капиталдык курулуш башкармалыгын түзүп берген. Бирок башкармалык курулушка гана көңүл буруп, башка социалдык проблемалар калып кетти. Бүгүн деле ошол сунуш айтылып жатат. Төрт райондун өзүнүн проблемалары деле толтура. Анын өгөй баласындай болуп жаңы конуштар калып жатат. Өкмөт өзүнчө район кылып койсо жакшы болор эле. Ал эми жанагы үйлөрдүн сапатына келсек, 1989-жылы материал арзан кезинде ссуда, кредит алынып, жакшы үйлөр салынып калган. 2000-жылдан “Дордой”, “Кара-Жыгач” пайда болду. Үчүнчү толкуну болсо 14-марттан кийин дагы 16 жаңы конуш пайда болду. Мына ошолордун ахывалы оор. Жарык, жол, суу менен толук камсыз боло элек. “Калыс Ордо”, “Ак Батада” кирпичтен салынган үй жок. Саман менен чампаланып тургузулуп калган үйлөр. Сейсмикалык жаткан бул жерде маселе бар.

- Зергер мырза, жаңы конуштар түшө баштаганга 20 жыл болду. Алардын негизги проблемалары кайсылар?

Жанаалы Шабдрай Зергер: - Социализм урагандан кийин алдуу-күчтүүсү бул жакка келип оокат кылып жатышат. Бул жакшы жагы. Экинчи тарабынан бузулуп кеткен жаштар деле жок эмес. Азыркы чоң проблема эле жумушсуздук. Үй-жай бар. Мына эми кыймылсыз мүлккө салыкты баары төлөй турган болуп жатпайбы. Мамлекет салык менен жашайт. Анан жанагы келип жаткан инвестициялардын, кредиттердин 10% ушул үй куруучуларга бөлсө. Биздин үй куруучулар жөн эле үй курбай колунан баары келген адис болуп калышты. Үйлөрүн койдуруп өз алдынча иштөөсүнө шарт түзүш үчүн кредиттер берсе, деген ой бар. 40 миң адамдын потенциалын пайдаланышыбыз керек. Мына 300 миллион доллар Орусия кредити келип жатат. Ошонун 10% үй куручуларга багыттаса мамлекетке чоң жардам берип, өзүбүздүн да проблеманы чечет элек.

- Бейшен мырза, негизги проблемага токтоло кетсеңиз. Анан жаңы конуштар дагы улана береби же шаар четинде токтойбу?

Бейшен Абдыразаков: - Социалисттик 70 жылдык байлыкты талап-тоноп жок кылышты. Биз болсо жоктон бар кылып шаар салдык. Астанадай шаар сала алган жокпуз. Ал колдон келген жок. Мына бүгүнкү күнү 300 миң кишини үйлүү-жайлуу кылдык. Өкмөт муну чече албайт болчу. 1989-жылы Бишкек шаарына кыргыздын үрөнү тигилди. Азыр ал гүлдөп жатат. Дагы 15 жылдан кийин мөмөсүн берет. Көчмөн калкпыз го, тоодон-ташка көчүп жүргөн. Эми биз шаар сала баштадык. Ошону түптөдүк. Биз жер алып атканда бул жерде кыргыздар жалпы калктын студенттерди кошкондо 12% эле түзчү. Кудайдын кулагы сүйүнсүн азыр 52%. Мен ойлойм, дагы бир жылдан кийин кыргыз 80% жетиш керек. 80% жеткенибизде жана токтом, буйрук, жарлык меен өткөрө албай жаткан кыргыз тилибиз өзүнөн өзү өтөт.

- Мырзалар, жаңы конуш, жаңы шаардын 20 жылдыгы кут болсун!
XS
SM
MD
LG