Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Апрель каарманы: курсант Эдил Такырбашев


Эдил Такырбашев ушул тартип сакчылардын арасында болгон.
Эдил Такырбашев ушул тартип сакчылардын арасында болгон.

Апрель шейиттеринин бири – Эдил Такырбашев билгендердин эсинде ак көңүл, жаркын жигит катары калды.

Эдил былтыр 7-апрелде Бишкектин борбордук аянтына коомдук тартипти сактоо үчүн ИИМ Академиясынын курсанттары менен чогуу келген. Ошол курсанттардын экөө Эдил менен Никита Куш шейит болуп кетишти.

Эдил тирүү болгондо быйыл 23кө чыкмак. Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылында туулган, бир үйдүн жалгыз эркек баласы эле.

Мектепте жакшы окуп, тесттин жыйынтыгы менен кезинде Курулуш жана архитектура университетине бюджеттик негизде окууга жолдомо алган. Бирок милиция кызматкери болом деген дымагы Эдилди Ички иштер министрлигинин Академиясына алып барган экен.

Эдил жакшы окучу, грек-рим күрөшү менен машыкчу экен. Эдил тууралуу бизге буларды эжеси Айнура айтып берди. Ал Эдилдин ата-энеси менен биздин жолугушуубузду, алардын жүрөгүн оорутууну каалаган жок. “Ансыз да зыркырап отурушат” деди.

Айнура иниси чалдыккан кырсыкты алдын ала сезип, аманчылыгынан акыркы мүнөттөргө чейин үмүт байлап, кайра-кайра уюлдук телефонуна чалып чарчаганын айтып кейиди.

Айнуранын сөзүнөн Эдилдин жакындары ачуу кайгынын тузагынан чыга албай, Эдилдин кантип өлгөндүгүн тактай албай, ар кандай бүшүркөөлөр менен жашап келатканын байкоого болот:

- Мен башында Эдил каза болгондо ойлогом эл катары эле снайпердин огунан каза болду го деп. Бирок Эдилди ооруканаларда, бардык жакта жүрүп издегенибизде, ушул интернет сайттардагы сүрөттөрдү караганда бүт баары далил болуп чыкты, прокуратура да, тергөөчүлөр да айтты, иним эл тарабынан ыргытылган гранатага жарылыптыр.

Ичим күйгөнү, ошол мезгилде эл Бакиевдин үй-бүлөсүнө каршы чыкты беле, же бул эл милицияларга, курсанттарга каршы чыкты беле деген суроого ушул убакка чейин жооп таба албай келем. Азыркы убакытка чейин мен элди күнөөлөйм, митингчилер ошол күнү бир тууганын, кандаштарын өз колдорунан өлтүрүп алышты.


“Таза, тыкан, билимдүү”

Канат – Эдилдин курсташтарынын бири. Ал Эдилди “токтоо, адамга зыяны жок болчу, келечекте мыкты адис болом” деп самачу деп эскерди:

Канат жана Эдил
- Эдил досум менен ушул академияга жаңы тапшырып жатканда таанышкам. Аябай тез сүйлөгөн бала болчу, ар дайым күлүп жайнап жүрчү. Тез эле тиги, же бул менен тааныша койчу. Андан кийин чогуу өттүк, өткөндөн кийин чогуу бир взводдо окуп калдык. Эдил досум жардам сурасаң эч качан жардамын аячу эмес. Аябай жакшы окучу. Конспекттери толук болчу, биз сурап көчүрүп калчубуз, формасын дайыма таза алып жүрчү.

Канаттын айтымында, курсанттар кырдаал терс курчуп, ушундай жагдай түзүлөрүн ойлошкон да эмес:

- Биринчи сабак бүтүп, экинчисине кирип жатканбыз, ага чейин күчөтүлгөн тартип болуп жаткан. Академиянын студенттери дайыма коопсуздукту сактап чыкчубуз. Анан анчалык болуп кетерин билген эмеспиз. Элди тынчтандырып, коопсуздукту сактап турганбыз.

Каргашалуу күн
“Азаттык”: Жөн эле турдуңар беле?

- Жөн эле турганбыз. Ошол убакта эле кайсы тараптан экенин билбейм, айтор граната жарылды.

“Азаттык”: Эдил кайсы жакта турду эле?

- Эдил мен турган жердин оң жак тарабында турган. Биз алдыбызды эле карап турганбыз. Анан кандай болгонун байкабай калыптырмын. Биз топ менен жылып кеттик. Ошол маалда эмне болуп кеткенин билбейм. Көзүм жарык болуп, бир карасам желек жакта экем. Кулакка да таасирин тийгизип, эч нерсе укпай, кайсы жакта жүргөнүңдү билбей калат экенсиң. Өзүмө келсем бутум ооруп жаткан экен. Көрсө жараат алган экенмин.

Азыр эми Эдилдин жакындары ошол бейкүнөө балдарды аянтка, октун алдына чыгаргандардын да, ок аткандардын да ким экендиги аныкталып, жазаланышын күтүшөт. Ал эмес өз алдынча иликтөө жүргүзүп жатышканын да Айнура биз менен болгон баарлашууда айтып берди.

XS
SM
MD
LG