Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Мамытов: Апрель-июнь окуяларына чогуу баа берилет


Апрель-июнь окуяларын иликтеген комиссия ишин жыйынтыктап калды. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы депутат Токон Мамытов “Азаттыкка” курган маегинде билдирип, иликтөөнүн жүрүшүндөгү айрым жагдайларды ачыктады.

“Азаттык”: Депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап, жарыялоо алдында турат деген маалымат тарады. Коомчулукка бул комиссия Улуттук жана эл аралык комиссиядан айырмалуу эмнени айта алат?

Токон Мамытов: Эл аралык комиссиянын корутундусун мен билбейт экем. Аны менен тааныша элекмин. Ошондуктан кандай айырмасы бар болгонун айта албайм. Ал эми Улуттук комиссиянын жыйынтыгына салыштырмалуу аябай, өтө чоң айырма деле жок. Бирок мен ойлойм, биздин комиссиянын так айткан жери бар.

“Азаттык”: Кайсы жагдайларды так айттыңыздар?

Токон Мамытов: Так деп айтканым, айрым мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийликтер, тартип коргоо кызматтарына так баа берилди.

“Азаттык”: Депутаттык комиссия тиги же бул тараптын, жетекчинин конкреттүү жоопкерчилигин кароо сунушун берет деп күтсө болобу?

Токон Мамытов: Негизи биз саясий баа беришибиз керек. Соттук бааны, тергөө иликтөөнү тартип коргоо органдары берет. Биз болсо саясий баа беребиз.

“Азаттык”: Депутаттык комиссия апрель, июнь окуялары боюнча өз иликтөөсүн кандай эрежелерге таянып жүргүздү?

Токон Мамытов: Комиссияга кирген 25 депутат үч топко бөлүндүк. Ош шаары, Ош облусу боюнча өзүнчө бир топ иштеди. Жалал-Абад шаары жана облусу боюнча өзүнчө бир топ иликтөө жүргүздү. Анан борбордук органдар боюнча Бишкекте, Убактылуу өкмөт, тартип коргоо органдарынын жетекчилигинин ишмердүүлүгү боюнча үчүнчү топ иштеди.

Мурда Улуттук комиссияга карата айрымдар кичине сын-пикир айтып койбодубу. Болгону Ош менен Жалал-Абадга эки-үч эле жолу барыптыр деп. Биз да ошону эске алып, биздин топтор 10-15 жолу барып келдик. Ошто, Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон жана Кара-Сууда болдук. Мындан тышкары айырма, өзгөчөлүгү да болду. Биз бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолуктук. Ошондой эле журналисттер менен да жолуктук.

Бирин бири улаган окуялар

“Азаттык”: Эмне үчүн бул эки окуяны депутаттык комиссия чогуу карап жатат?

Токон Мамытов: Эми, апрель дегенде, 7-апрелди даана караган жокпуз. Мурда апрель окуясы боюнча атайын комиссия болгон. Аны Абдыганы Эркебаев жетектеген. Анан азыр дагы 7-апрелге байланыштуу сот жүрүп жатпайбы. Сотко киришкендей болуп, соттун чечимине кандайдыр бир таасир бергендей болбойлу деп биз негизи апрелде Маевкадагы жер басып алууларды, Бишкектин ичиндеги митингдерди карадык.

Апрель, май айларында Ошто, өзгөчө Жалал-Абадда көп митингдер болуп жатты. Өзгөчө Кадыржан Батыров уюштурган митингдер болуп жатты. Мындан тышкары мурдагы президент Бакиев жана анын тарапкерлери уюштурган митингдер болду. Ошолордон өйдө карап чыктык. Биз баягы 10-15 июндагы окуяларды карабай эле апрель, майды камтып кеттик.

К.Бакиевди колдогон митинг, 15-апрель, 2010-жыл
“Азаттык”:
Ошондо 7-апрелден кийинки окуялар менен июндагы окуялардын ар бири өзүнчө бааланабы же бири-бирине байланыштырылабы?

Токон Мамытов: Мындай биз деле Маевка, Жалал-Абаддагы митингдерди бөлүп көрөлү дедик. Бирок бул бир эле уланып кетип бара жаткан жараян болду. Ошондуктан апрель окуяларынан кийинки жагдайлар жана июнь окуяларына бир эле баа берилет.

“Азаттык”: Сиздердин сунуш жана корутундуңуз кандай күчкө ээ болот?

Токон Мамытов: Биз эми парламентте карайбыз. Парламенттен сурайбыз. Мисалы, парламент өкмөт жетекчилигинин ушул кемчилиги бар, ушул тармактар алдын ала чара көрбөгөнү үчүн кан төгүлүп кетти деп айтабыз. Мындай чараларды көрүш керек деп сунуштайбыз. Анан эми парламент колдоп, өкмөт колдосо тиешелүү чаралар күнөөлүү адамдарга колдонулат да.
Соттук бааны, тергөө иликтөөнү тартип коргоо органдары берет. Биз болсо саясий баа беребиз.


“Азаттык”: Коомчулукка качан жарыяланат? Так мөөнөтүн айта аласызбы?

Токон Мамытов: Эми бул жерде мен так мөөнөтүн айта албайм. Себеби, өзүңөр билесиздер, беш фракциядан бештен адам кошулгандан кийин мындай беш ой-пикир болот экен. Албетте болчу нерсе, эми анча-мынча убакытты созобу деп ойлоп жатам.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG