Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Апрель окуясы боюнча сотто кошумча айыптар коюлду


7-апрелдеги кандуу калабадан бир ирмем, Бишкек.
7-апрелдеги кандуу калабадан бир ирмем, Бишкек.

7-апрель окуясы боюнча сот иши 23-мартта Бишкек гарнизондук аскер сотунда уланып, мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган бир катар жетекчилерге кошумча айып тагылды.

7-апрель боюнча соттук иш Мамлекеттик жаза өтөө кызматына караштуу кайтаруу жана күзөт департаментинин имаратында жүрүүдө. Ага судья Дамир Оңолбеков төрагалык кылып жатат. Сот иши жаңыдан башталганда эле жабырлануучу тарап соттун жүрүшүнө нааразылыгын билдирип, муну соттун катышуучуларга байланыштууу туура эмес маалымат бергендиги менен негиздеди. Натыйжада соттук отурумда жабырлануучу тараптан үч киши эмес, кырк эки киши отурганын такталгандан кийин, сот өз ишин андан ары улады.

Бакиев, Үсөнов жана Суталиновдун айыптары

Бул күнкү отурумда мамлекеттик айыптоочу Курманбек Бакиевге 7-апрелде 87 кишини өлтүрүүгө катышкан жана Аксы окуясын уюштурган, авиамайларга акциздик салыкты көбөйткөн деп айып такты. Мындан тышкары да бир топ айыптоолор коюлууда. Мамлекеттик айыптоочу - башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаевдин айтымында:

- Бакиев Кыргыз Республикасынын президенти болуп туруп, бийликти өзүнө гана алуу максатында кызмат абалынан кыянат пайдаланып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбестен туруп, мыйзамсыз жана конституцияга каршы келген кызматтарды түзүү боюнча жардык чыгарган. Тактап айтканда, Өнүктүрү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигин, Мамлекеттик тышкы иштер министрлигин жана Коргонуу, тартип жана коопсуздук боюнча ммалекеттик кеңешмени түзгөн.

Бактыбаев ошондой эле мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен мурдагы Коопсуздук комитетинин башчысы Мурат Суталинов 2009-жылдын 15-сентябрында ошол кездеги премьер-министр Игор Чудиновду кысмакка алуу менен “Чакан ГЭС” акционердик коому боюнча мамлекетке ыңгайсыз келишим түзгөн деп билдирди. Мындай кыңыр иштердин айынан мамлекет 132 млн. долларга чыгым тарткан.

Апрель окуясы боюнча жалпысынан мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминер айыпталып жатат. Алардын арасында камакта отургандар, үй камагында чыгарылгандар жана качып жүргөндөр бар.

Келтирилген өтүнүчтөр

Жабырлануучулардын жакточусу Жээнбек Үсөнов үй камагына чыгарылгандардын баары камакка алынышын жактап жатат:

- Мурдагы соттук процессте адвокаттар үй камагындагылардын баарысын тең камакка алууга өтүнүч келтиргенбиз. Булардын баары тең кылмыш кодекси боюнча адамдарга каршы кылмыш кылгандар. Кичинекей кылмыш кылса да камакка алынат да. Биздин өтүнүчтү сот канааттандыруудан баш тартканын туура эмес деп ойлойбуз.

Үй камагында отургандардын бири мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов. Ал бул жолку сот отурумунда төмөнкүдөй өтүнүчүн айтты:

- Менде өтүнүч бар. Кылмыш ишин кароодо жалпы материалдарга “Ак жол” жана коммунисттер фракцияларынын 2010-жылдын 7-апрель күнкү жыйынынын күн тартибин, ошондой эле Жогорку Кеңештин 2010-жылдын 9-апрелдеги пленардык жыйынынын күн тартибин кошо кароону өтүнөм.

Айыпталуучулардын адвокаттарынын бири Икрамидин Айткулов соттун жүрүшүндө укук коргоочу Токтайым Үмөталиеваны күбө катары суроону соттон сурады:

- Ал 7-апрелге катышкан да. Ошол күнү эмне болгонун интернетте айтып, жазган. Бул күбө да. Аны күбө катары тергөөдө такыр сураган жок.

Сот иши мындан ары тездейт

Ошентип, апрель окуясы боюнча соттун кезектеги отуруму 28-мартта улана турган болду. Бул отурумда соттук териштирүүлөрдү кароону тездетүү маселеси көтөрүлдү. Ага ылайык, судья Дамир Оңолбеков сот отурумдарын ар жуманын дүйшөмбү, шейшемби жана шаршемби күндөрү саат тогуздан кечки саат үчкө чейин, түшкү тыныгуусуз жүргүзүп турууну сунуш кылды. Мындай сунушту жабырлануучулардын жана айыпталуучулардын жактоочулары да колдошту.

Сот өтүп жаткан Мамлекеттик жаза өтөө кызматына караштуу кайтаруу жана күзөтүү департаментинин имараты катуу кайтарылып турат. Департаменттин штаб башчысы полковник Аман Бердикожоев эч кандай кооптонууга негиз жок экендигине ишендирүүдө.

- Негизинен коопсуздук маселеси баардыгы каралган. Азыркы учурда сот өз ишин жүргүзүп жатат. Эч кандай кемчилик жок деп ойлойм. Бардыгы уставдын талаптарына ылайык жүрүүдө. Коопсуздукту сактайбыз, сактай беребиз.

7-апрель окуясын териштирүү боюнча сот иши 30-ноябрда Бишкектеги Спорт ордосунда башталып, бирок шектүү жардыруудан кийин убактылуу токтотулган. Ал кайра 18-мартта жанданган болчу.

XS
SM
MD
LG