Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Курманалиева: Үсөновдун сөзү элдин кыжырына тийген


Таласта башталган элдик толкундоолордон бир көрүнүш, 6-апрель 2010-жыл
Таласта башталган элдик толкундоолордон бир көрүнүш, 6-апрель 2010-жыл

Мындан туура бир жыл мурда Талас аймагында ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевге каршы элдик толкундоолор башталган. Бул окуялар тууралуу ошол кезде Таластагы революциялык комитетти жетектеген, азыркы Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева “Азаттыкка” маек куруп, бир жылдан кийинки көз карашы менен бөлүштү.

"Азаттык": Бир жыл мурда 6-апрелде Талас аймагында элдик толкундоолор болгону жалпыга маалым. Алардын катарында сиз да болсоңуз керек эле. Талас коомчулугунун башка аймактардан өзгөчө толкушуна эмне түрткү болду? Окуя кантип башталды?

Койсун Курманалиева: 6-апрель бир жагынан элибиздин жүрөгүнө кара такты алып келсе, экинчи жагынан эркиндикке, азаттыкка чыгарган күн деп эсептесек болот. Апрель ыңкылабы бир эле күндө дүрт эте чыга калды деп айрымдары айтып жатат. Эл ошого бышып жетилди деп да айтып жатабыз. Элсиз эч качан мындай нерсе болмок эмес. Бирок ушуга келүүнүн өзүнө да даярдыктар болгон.

6-апрелде биз Болот Шерди күтүп жатканбыз. Ал киши ооруп жатканына карабай келаткан. Мына ошондо булар, Талды-Булак деген жерди жакшы билесиздер, Талас облусунан Суусамыр аркылуу киргенде биринчи айыл, ошол жерден тосо баштаганда эле, биздин күч органдары Болот Эсентаевичти кармап, ички иштер башкармалыгына алып келип, камай баштады. Ошого элдин кыжыры кайнаган.

Талас, 6-апрель, 2010-жыл
"Азаттык": Ошол кездеги ички иштер министри, биринчи вице-премьер сабалган, административдик имарат өрттөлгөн учурда сиз кайда элеңиз?

Койсун Курманалиева: Мен Таластагы окуяларга баштан аяк катышкам. Мен элге ыраазымын, эл болбосо эч качан болмок эмес. Бирок элди да көтөрүүгө уюштуруучу керек болчу. Мен Таласта ошол Бириккен элдик кыймылдын башында тургам. Элдин башында уюштуруучулардын бири катары жүргөм.

"Азаттык": Мындай катаал аракеттер сизди өкүнтпөйбү?

Койсун Курманалиева: Сөзсүз өкүнтөт. Мен облустук администрацияда үч жыл жарым жыл иштеп кеткем. Ошол жерде жашап, айлык алып иштеген жеримди өрттөйүн деген ой бизде такыр жок болчу. Же болбосо УВДга барып өрттөйлү деген эмеспиз.

Конгантиевдин, Данияр Үсөновдун ошол учурдагы айткан сөзүн телевизордон көрдүм. Данияр Үсөнов “алар уюшкан бандиттер” деп айткан экен. Бул бандит эмес, ал карапайым калк. Ошол турмушка чыдабай, электр жарыгынын кымбатташы, “алло” дегенде алтымыш тыйын салыктын коюлуп жатканы, деги эле жашоо-шарттын начарлап баратканы, ал эмес эркин жашоого мүмкүнчүлүк бербегенге байланыштуу чыккан маселе болчу. Анан облустук администрацияны эч качан өрттөгөн эмеспиз. Мени атайын адамдарды алып келген деген кептер чындыкка коошпойт.

"Азаттык":
Сабоо, өрттөө учурунда жаалданган элди токтотуп калуу мүмкүн беле?

Койсун Курманалиева: Ошол администрациянын имаратына кирип жатканда ар бир буюмду сактап калууга аракет кылып, ачык бөлмөлөргө кулпу салдыртып жаттык. Спецназ келгенде алар ойлоду, булар ичине толуп алган экен деп. Анан атып кирбедиби. Ошондон кийин элдин кыжыры кайнады да, анан тигилерге каршы күрөш башталды.

Сыналгыдан берген интервьюсунда башкы прокурор Конгантиев, Данияр Үсөнов элге чыгып алып, “жанагы бандиттерди биз тыйып койдук”, “бандиттерди минтип жасадык” деп сүйлөгөнүнөн кийин элдин кыжырдануусу пайда болду.

"Азаттык": Сиз мүчө болгон “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эгер тарых кайра башталса биз көп нерселерди башкача кылмакпыз деп айтты. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

Койсун Курманалиева: Мен ал кандай өңүттөн айтканын билбейм. Бирок сиздин айтууңуз боюнча ал жерде ошондой сөз айта турган болсо, мен да ал кишинин айткан сөзүнө толугу менен кошулам. Биз ыңкылаптан кийин көптөгөн катачылыктарды кетирип алдык. Анткени ошол апрель окуясынан кийин эле Бакиевдин жактоочулары көптөгөн бут тосууларды жасабадыбы. Ошондуктан алгач биз люстрацияны, тазаланууну жасап алсак болмок. Андан кийин гана парламенттик башкаруу, Конституцияны өзгөртүүлөргө кайрылсак бүгүнкүдөй нерселер болмок эмес деген ойду айткым келет.

"Азаттык": Демек ошол учурдагы элдин мүдөө-максаты толугу менен аткарылды деп айта алабызбы?

Койсун Курманалиева: Айта алам. Себеби, биринчиден, ошол криминалдык үй-бүлөдөн кутулдук. Экинчиден, биз кандай болсо да демократиялык жол менен эркин таза шайлоолорду өткөрүп алдык.

Бир системадан экинчи системага өтүүдө бир топ кыйынчылыктар болот. Кыйынчылыксыз эч качан турмуш болгон эмес. Мээнет менен келген турмуш дөөлөттүү болот го деп айта алам. Бирок дагы көптөгөн кемчиликтер бар. Ким иштебесе, ошондо кемчилик болбойт. Ал эми иштерде кемчиликтер толтура. Мына ошонун үстүндө биз иштешибиз керек.

Бир күндүн ичинде, же болбосо бир жылдын ичинде максатына көп нерсе жетиши кыйыныраак. Бирок биз максатка жетпей калдык, мындай болбой калды деп сынап отуруп албастан, баарыбыз шымалана, билегибизди түрүө иш алып барышыбыз керек. Бири-бирибизди сынап отура берсек жумуш бүтпөйт.

"Азаттык": Рахмат.
XS
SM
MD
LG