Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Жөө жүрүштүн башында - президент Отунбаева


Апрель ыңкылабынын курмандыктарын эскерүү максатын көздөгөн жөө жүрүш түштөн кийин Бишкектин күн чыгыш тарабында жайгашкан “Медиа - Форум” борборунан башталды. Ал Борбордук аянтка келип, былтыр 7-апрелде Ак үйдүн алдында мерт болгондорду эскерүү митинги менен аяктамакчы.
“Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда жөө жүрүштү президент Роза Отунбаева, премьер-министр Алмаз Атамбаев, шаар мэри Иса Өмүркулов, убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев өңдүү саясатчылар баштап келишти. Жөө жүрүштүн катарында беш миңден ашык киши болгондугу болжолдонду. Көчө тартиби жана коопсуздук күчөтүлгөн көзөмөлдө болууда.
Жөө жүрүштүн башталышында "Медиа-Форумда" митинг өтүп, өлгөндөрдүн эстелигине гүл коюлду, чынар теректер тигилди.

Түшкө чейин маркумдар "Ата-Бейит" көрүстөнүндө эскерилип, ага президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков, Премьер-министр Алмаз Атамбаев баштаган мамлекеттик жетекчилер жана парламенттеги фракциялардын жетекчилери катышкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG