Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Британ учагы ливиялык адаватчылардын танкын жок кылды


Британиянын аскерий учагы жаңылып эрегишчилердин бир танкасын бомбалап салды. Бул тууралуу козголоңчулардын чыгыштагы ордосу - Бенгази шаарында маалымдалды. НАТО окуяны иликтөөдө.

7-апрелде таң азанда Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр батыштагы Мисрата шаарындагы козголоңчулардын өңүттөрүн танкалар жана артиллериядан аткылады. Адаватчылар чабуулда 5 киши өлүп, 25 киши жарадар болгонун билдирди.

Британиянын согуштук учактары Ливиядагы эң чоң Сарир мунай кенине сокку урушту. Кенди Жер Ортолук деңизинин боюндагы порт менен тутуштарган мунай куурун талкалашты. Ливиянын тышкы иштер министринин орун басары Халед Кайымдын билдиришинче, аба чабуулу учурунда үч күзөтчү курман болгон. Ал эми көтөрүлүшчүлөр Сарир мунай кенин каддафичилер өздөрү бомбалашты деп билдирди.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливиянын аба мейкиндигин “учууга жабык зона” деп жарыялаган. Бул резолюциянын аткарылышын Британия курамындагы НАТОнун күчтөрү камсыздоодо.

Франциянын тышкы иштер министри Алан Жюппенин сөзүнчө, НАТОнун Ливиядагы аба чабуулдары узакка созулат кейпи. Италия Каддафини үй-бүлөсү менен бийликтен кетүүгө чакырды. “Мен Африка Союзу да, Эфиопиядай эле, Каддафини жана анын үй-бүлөсүн кетүүгө чакыруу үчүн ага өз өкүлдөрүн жөнөтөт деп үмүт кылам. Мурда эл аралык коомчулук ушундай кылган”,-деди Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттини 6-апрелде Вашингтондо мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон менен чогуу журналисттер менен кездешүүдө.

XS
SM
MD
LG