Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

“Дастандын” акционерлери ишкананын былтыркы ишмердүүлүгүн карайт


Бишкетеги “Дастан” заводунун акционерлери бүгүн чогулуп, ишкананын 2010-жылдагы каржылык ишмердүүлүгүн, киреше-чыгашаларды, заводго жаңы директорлор кеңешин дайындоо маселесин карашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган заводдун тышкы байланыштар боюнча директору Оскар Даминов билдирди. Анын айтымында, акционерлер бүгүн мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов айтып чыккан 2 миллион доллардай каражаттын “Дастан” заводунан алынышы жана кайсы бир партиянын шайлоо өнөктүгүнө жумшалышы тууралуу маалыматты карашпайт. “Бул маселе толук тергөө органдарынын ишине кирет. Ошолор териштириши керек”,- дейт О.Даминов.

1-апрелде кызматтан алынган соң мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов бийлик жетекчилеринин бир катар коррупциялык иштерге тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтарды тараткан. Өз сөзүндө ал былтыр шайлоо алдында “Дастан” заводунан айрым бийлик өкүлдөрү 2 миллион доллардай каражат алып чыгып, аны бийликтеги бир партиянын шайлоо өнөктүгүнө коротконун билдирген. (IJz)

XS
SM
MD
LG