Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Калктын 66 пайызы жер титирөөгө туруксуз үйлөрдө жашайт


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев бүгүн илимий-техникалык комиссиянын мамлекеттин жер титиреген шартта күчүн жана мүмкүнчүлүгүн талкуулаган жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, 2011-жыл сейсмикалык жактан акивдүү болууда. Аталган министрлик жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирге жер титиреген шартта көрүлчү иш-чаралардын комплекстүү пландарын иштеп чыккан. Анын алкагында Ош, Чүй облустарындагы бала бакчалар, интернет үйлөр, мектеп, ооруканалар текшерилген. Жыйында айтылган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 9 баллдык жер титирөө болушу ыктымыл жана жер силкинүү коркунучу жогору аймактарда 3,5 миллиондон ашуун адам жашайт. Кыргызстанда төрт айда 30дан ашуун жер титирөө катталган. 9-апрелде Нарын аймагында 6 баллдык жер тирөө катталып, Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө жана Куйручук айылдарында үйлөрдөн жарака кетип, айрымдары колдонууга жараксыз абалга келген.

Жергиликтүү сейсмологдор Кыргызстанда 2008-2025-жылдар аралыгында 5-8 баллдык жер титирөө болушу ыктымалдыгын, ага Бишкектин жаңы конуштарындагы үйлөрдүн 60-70% туруштук бербей калышы мүмкүндүгүн айтып келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG