Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Адвокаттардын лицензиясын текшерүү талабы айтылууда


7-апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын адвокаттарынын лицензиясын текшерүү талабы коюлууда. Ушундай талап менен “7-апрель” кыймылынын жетекечиси Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Адвокаттар коллегиясынын башкармалыгына кайрылганын "Азаттыкка" өзү билдирди. Токтонасыров адвокаттардын кызматтык жүрүм-турумун кароону жана аларды тартипке чакырууну талап кылууда. Ал сот жараяны учурунда адвокаттардын күлүп, сагыз чайнап отургандарын этикага жатпайт деп баалап жатат. Арыз ээси сот процессинин ар кандай себептер менен үзгүлтүккө учурап жатканына нааразы жана сот ачык-айкын өтпөй жатат эсептейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG