Бул окуяга 24 жаштагы грузин жигити Ираклий Бигвава себепкер болду. Айтымда аны абхаз бийликтери аскерге алууну чечишкен экен,бирок аны армияга жибергиси келбей, жакындары түн ката Грузияга качырып жиберишкен.
Анын соңунан ошол эле эле айылдан жетимиштей аял бала-бакырасын жетелеп,жөө-жалаңдап Грузияга өтүп келишкен. Алардын сөздөрүнө караганда абхаз бийликтери кыштактагы бардык борбуйлуу эркектерди барымтага кармап калышкан.
Абхазиянын тышкы иштер министри Сергей Шамба бул ишке байланыштуу түшүндүрмө берип, жергиликтүү мыйзамдарга жараша улутуна карабастан эрезеге жеткен жигиттердин баары армияда кызмат кылганга милдеткер экенин,андыктан грузин улутундагылар үчүн бу жагынан эч кандай жеңилдиктер каралбай турганын билдирди.
Мындан тышкары ал Грузияга качып кеткен жигит бир нече кылмыштары үчүн эбактан бери издөөдө турганын, кармаларын аңдап калып, түн жамынып из жашырып кеткенин маалымдады.
1990-жылдардагы жаңжалдарга чейин Абхазия менен Түштүк Осетиянын көпчүлүк райондорун грузиндер байырлап турушкан. Алардын көбү ошо жылдардагы уруштардан улам жер которуп кетишти. Андан калган-катканы былтыр августтагы согуштан соң үй-жайын таштап кеткенге аргасыз болушту.
Түштүк Осетияда ушу тапта бир нече миңдей грузин калды, Абхазияда алардын жалпы саны төрт миңге жетиши ыктымал. Мунун баары болжолдуу санактар.
Дем алыш күнкү окуяны Грузиянын өкмөтүндөгүлөр абхаздардын кезектеги тукуругу катары баалашты. “Эгер бул улана берсе, абхаз бийликтери өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарды грузин калкынан толук тазалап салышы мүмкүн”,-деп билдирди парламент комитетинин төрагасы Шота Малашхиа.
Акыркы кездери грузиндерди орун-очок алган жеринен кодулаган аракеттер Түштүк Осетия менен Абхазияда көп кайталанып жатканынан чочулаган чет элдик дипломаттар мунун арты дагы бир кагылышка тамызгы болуп бериши мүмкүн деп кооптоно башташты.Бери эле дегенде мындай окуялар Кавказдагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эл аралык арачылардын аракеттерине олуттуу тоскоол боло алат.
Россия Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган соң алар өздөрүнүн армиясын чыңдаганга киришти. Эки республикада тең азыр орустардын аскери базалары бар.
Жаңжалдуу аймактардагы жагдайды көзөмөлдөгөнү Грузияга европалык байкоочулар келишкен. Бирок алардын озуйпасы чек ара райондору менен чектелет.Түштүк Осетия менен Абхазияга киргенге Улуттар Уюмунун миссиясынын гана мандаты бар,ал эми европалыктарды Цхинвал да,Сухими да кабыл алгандан баш тарткан.